Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
292-берене. Иштетүүгө берилген сырьедон жасалган акцизделчү товарлар боюнча акцизди төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 42-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 мая 2019 года № 64
1. Иштетүүгө берилген сырьедон акциздик товар чыгаруучу салык төлөөчү салык органынын депозиттик эсебине төккөн акциздин (депозиттин) суммасы салык органына тийиштүү арыз жана төмөнкүдөй документтер тапшырылгандан кийин 20 күндөн кечиктирбестен анын банктык эсебине кайтарылууга тийиш, алар:
1) акциз боюнча салыктык отчет;
2) иштетүүгө берилген сырьенун менчик ээси менен үчүнчү жактын ортосунда акцизделчү товарды экспортко чыгаруу жөнүндө келишимдин көчүрмөсү;
3) даяр акциздик товарды жөнөтүүгө, анын ичинде экспортко жөнөтүүгө эсептик фактуранын же башка документтердин көчүрмөлөрү;
4) иштетүүгө берилген сырьену иштетүү боюнча кызматка акы төлөнгөнүн ырастачу төлөм документтери;
5) экспорттолгон акциздик товар үчүн акы төлөнгөнүн ырастачу төлөм документтери;
6) акциздик товарды экспорттоого бажы декларациясы;
7) арналган өлкөгө бажы декларациясы же арналган өлкөгө импорттолгонун ырастачу башка документ, алар:
а) тиркарнет;
б) эл аралык товардык-транспорттук накладной;
в) эл аралык темир жол катнашында жол-жоболоштурулуучу накладной.
8) иштетүүгө берилген сырьенун менчик ээсинин салыктык катталган жериндеги салык органынын анда салык боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкаты.
2. Эгер даяр акциздик товар иштетүүгө берилген сырьенун менчик ээсине жана/же иштетүүгө берилген сырьенун менчик ээсинин тапшырмасы боюнча экспортко жөнөтүлгөндөн 90 күн өткөндөн кийин иштетүүгө берилген сырьедон акциздик товар өндүргөн салык төлөөчү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди тапшырбаса же толук эмес тапшырса, акциздин (депозиттин) суммасы бюджеттин кирешесине которулат жана кайра берилбейт.
3. Акциздик товар экспорттолгондук фактысы аныкталбаган учурда салык органынын депозиттик эсебине которулган акциздин (депозиттин) суммасы бюджеттин кирешесине которулат жана кайра берилбейт.
4. Депозиттик эсепке төгүлгөн акциздин (депозиттин) суммасы иштетүүгө берилген сырьенун менчик ээсинде салыктык бересеси бар болсо, ошол бересенин өлчөмүндөгүсү кайра берилбейт.
(КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2019-жылдын 17-майындагы № 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №177 токтому менен бекитилген "Акциз салыгы боюнча отчетту толтуруунун жана берүүнүн" ТАРТИБИПорядок · 20.04.2011 · № 177 · Күчүн жоготкон
- Приказ Госкомналогов КР от 18 декабря 2008 года № 143 "Об утверждении форм налоговой отчетности по налогу на добавленную стоимость, отчета по налогу с продаж, декларации по…Приказ · 18.12.2008 · № 143 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.07.2015 · № 491 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-292" title="292-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>