282-4-берене. Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери, экспорт жана салык салынуучу импорт
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Евразиялык экономикалык бирлигинде товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери ушул Кодекстин 232-беренесине ылайык аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразиялык экономикалык бирлигине башка мүчө - мамлекеттин аймагына товарларды экспорттоо беримдер болуп саналат.
3. Евразиялык экономикалык бирлигинде салык салынуучу импорт болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Ушул Кодекстин 282-14-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык КНСтен бошотулгандарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү же ташылып кетүүчү товарлар.
Ушул бөлүк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында мамлекеттик каттоого жатуучу ташылып келүүчү же ташылып кетүүчү транспорт каражаттарына карата да колдонулат;
2) Евразиялык экономикалык бирлигине башка мүчө-мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген иштетүүгө берилген сырьенун кайра иштетүүчү продуктылары болуп саналган товарлар.
(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
282-4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-282-4" title="282-4-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>