Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
282-1-берене. Жалпы жоболор
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Ушул главанын жоболору Евразиялык экономикалык бирликке мүчө - мамлекеттердин өз ара соодасында кызмат көрсөтүүлөрдө, товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда КНС салыгын салууну жөнгө салат.
2. Эгерде ушул глава менен ушул Кодекстин башка главаларында камтылгандан башка товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызмат көрсөтүүлөрдө КНС салыгын салуунун башка ченемдери белгиленсе, ушул главанын ченемдери колдонулат.
3. Ушул главада колдонуулучу түшүнүктөр Евразиялык экономикалык бирликке мүчө - мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн, Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде каралган.
4. Ушул главада төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) "Товарды коштоочу документтер" - эл аралык автомобилдик коштомо кагаз, темир жол транспорттук коштомо кагаз, товардык-транспорттук коштомо кагаз, бирдиктүү үлгүдөгү коштомо кагаз, жүк ведомосту, почта ведомосту, жүк квитанциясы, авиа коштомо кагазы, коносамент, өткөргүч түтүк транспорту менен жана электр берүү чубалгылары боюнча товарларды алып өтүүдө колдонулуучу документтер жана акциздик товарлардын айрым түрлөрүн алып өтүүдө колдонулуучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын транспорт жөнүндө мыйзам актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган ташууларда товарларды жана транспорт каражаттарын коштоп жүрүүчү башка документтер; эсеп-фактуралар, спецификациялоолор, жүктөөчү жана таңгактоочу баракчалар, ошондой эле товарлар жөнүндө, анын ичинде товарлардын наркы жөнүндө маалыматтарды тастыктаган жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу башка документтер;
2) "Товарлардын менчик ээси" - товарларга карата менчик укугуна ээ же товарларга карата менчик укугуна өтүү келишими (макулдашуу) менен каралган субъект.
5. (КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-282-1" title="282-1-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>