276-берене. Айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъект тарабынан КНС төлөөнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86
1. Эгерде бул бөлүмдө башкача каралбаса, ата мекендик өндүрүштүн чийки затынан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык иштетүүчү субъект ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген иштин түрлөрү боюнча КНС төлөөнү жүргүзөт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык салынуучу субъектке айыл чарба продукциясын, товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылуучу ата мекендик өндүрүштүн чийки затынан айыл чарба продукциясынан башкаларын өнөр жайлык кайра иштеткен субъект кирет.
3. Ушул беренеде:
1) айыл чарба чийки затын өндүрүштүк кайра иштетүү деп конкреттүү өндүрүш объектисинде тамак-аш продукциясын өндүрүүнүн (даярдоонун) жыйынды же ар түрдүү техникалык операциялар менен кезектелип аткарылган кошулма, ошондой эле алгачкы кайра иштетүү болгон айыл чарба чийки затынан даяр продукцияны өндүрүү менен байланышкан техникалык операциялар түшүнүлөт;
2) тамак-аш продукциясы деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык тамак-аш азыктарын өндүрүүгө кирген продукция түшүнүлөт;
3) айыл чарба чийки заты деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык айыл чарбага кирген ата мекендик өндүрүштүн продукциясы түшүнүлөт;
4) алгачкы кайра иштетүү продукциясы деп анын сапатын сактоо жана узакка сактоону камсыз кылуу үчүн кайра иштетүүнүн техникалык операцияларынан өткөн, чийки зат түрүндө андан ары продукцияны (өнөр жайлык) кайра иштетүүгө пайдаланылуучу же андан ары өнөр жайлык кайра иштетпестен керектөөчүлөргө сатылуучу айыл чарба продукциясы түшүнүлөт.
4. (КР 2018-жылдын 4-августундагы № 86 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн салык салынуучу субъект бюджетке төлөөгө тийиш болгон жана ушул Кодекстин 269-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эсептелген КНС суммасы ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштеткен субъекттер үчүн 80 пайызга азайтылат.
6. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жана башка салык салынуучу беримдерди ишке ашыруучу салык салынуучу субъекттин кириштөө укугу ал сатып алынган материалдык ресурстарды да, салык салынуучу беримдерди да ушул берененин максаты үчүн өз-өзүнчө эсептегенде гана пайда болот.
7. Ушул беренеге ылайык салык салынуучу беримдерди жана башка салык салынуучу жана/же бошотулган беримдерди түзүү үчүн пайдаланылуучу сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасынын бөлүштүрүлбөгөн суммасы ушул Кодекстин 272-беренесинде белгиленген тартипке ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш.
(КР 2018-жылдын 4-августундагы № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
276-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (7)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.07.2015 · № 491 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 11 апрелиндеги № 190 токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 190
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 3 мартындагы № 105 токтомуПостановление · 03.03.2016 · № 105
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуПостановление · 03.06.2019 · № 263
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 190 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 190 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июнундагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.06.2019 · № 297 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2016 · № 105 · Күчүн жоготкон
Бул актынын беренеде аталган беренелери
- 269-берене
- 272-берене. Айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъект тарабынан КНС төлөөнүн тартиби
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 04.08.2018 · № 86 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-276" title="276-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>