266-берене. Салык салынуучу беримдин жана эсепке алынууга жаткан КНСтин өлчөмүн такташтыруу
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 39-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39
1. Жөнөтүлгөн товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы өзгөргөн учурда салык салынуучу беримдин өлчөмү да тиешелүү түрдө такташтырылат.
2. Салык салынуучу беримдин өлчөмүн такташтыруу төмөндөгү учурларда ишке ашырылат:
1) Экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык мурда ташылып чыгарылган товарларды кайра импорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык ташып кирүүнү кошпогондо, товар толук же жарым-жартылай кайтарылганда;
2) баа өзгөргөндө;
3) аткарылган жумуштардан жана (же) кызматтардан баш тартылган учурда;
4) берилген товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн акы кайтарылган учурда.
Салык салынуучу беримдин, анын ичинде КНСти такташтыруу ушул пунктта көрсөтүлгөн учурлар болгон салык мезгилинде ишке ашырылат.
3. Эгерде берилген товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн акынын баары же бир бөлүгү кайтарылгыс карыз болуп эсептелсе, анда салык салынуучу субъект эсепке алууга тийиш болгон КНСтин суммасын талап кылууга укуктуу болот, бирок ал кайтарылгыс карыздын келип чыгышына байланыштуу беримдер боюнча КНС чегерилген күндөн тартып салык мезгили аяктаганга чейинки 12 айдан мурда жүргүзүлбөйт.
(Экинчи абзац КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. КНС төлөөчү ага ушул берененин 3-бөлүгү менен берилген укуктарды пайдалангандан кийин берилген товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы алынган учурда салык салынуучу беримдин наркы ошол акы алынган салыктык мезгилде төлөнгөн акынын наркына жогорулатылууга тийиш.
5. Эгерде салык салынуучу субъектинин сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча милдеттенмеси шектүү деп табылса, ушул милдеттенмеге киргизилген КНСтин суммасы жагдай шектүү деп табылган салык мезгилинде эсепке алуудан чыгарылып салынууга тийиш.
Эгерде шектүү жагдай толугу менен же жарым-жартылай төлөнсө, анда милдеттенменин төлөнгөн бөлүгүнө таандык болгон сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы акы төлөө жүргүзүлгөн салык мезгилинде эсепке алынууга тийиш. (Үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Алынган, мурда кириштелген материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасын такташтыруу төмөнкүдөй ишке ашырылат:
1) алынган материалдык ресурстарды бошотулган беримдерди ишке ашыруу үчүн пайдаланганда;
2) алынган материалдык ресурстарды салык салынуучу беримдерди түзүү үчүн эмес пайдаланганда;
3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамы өзгөрүп, ага ылайык салык салынуучу беримдер бошотулган беримдердин статусун алган учурда;
4) материалдык ресурстар жарактуулук, пайдалануу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу эсептен чыгарылганда;
5) ал жеткис күчтүн таасири болгондон башка учурларда, материалдык ресурстар бузулган жана жоголгон учурларда.
6) жараксыз деп таанылган эсеп-фактура боюнча.
7. Алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасын такташтыруу ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурлар болгон салыктык мезгилде ишке ашырылат.
8. Алынган материалдык ресурстардын наркы ушул беренеде көрсөтүлгөн учурларда өзгөргөн учурда, алынган материалдык ресурстар үчүн КНС тийиштүү түрдө такташтырылат. Такташтыруунун суммасы кириштелүүгө тийиш же ушул бөлүктө көрсөтүлгөн учурлар болгон салык мезгилинде эсептен чыгарылат.
9. Салык салынуучу беримдердин наркы жана ушул бөлүмгө ылайык жараксыз деп эсептелген КНСтин эсептик-фактуралары боюнча алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтан суммасы такташтырылбайт. Бул норма андай такташтыруу КНС боюнча салыктык милдеттенме көбөйүү жагына жүргүзүлгөн учурларга карата колдонулбайт.
(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2016-жылдын 12-августундагы № 166, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
266-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 августа 2016 года № 166 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (9)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.07.2015 · № 491 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №177 токтому менен бекитилген "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана…Положение · 20.04.2011 · № 177 · Күчүн жоготкон
- Кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 токтому менен бекитилген)Порядок · 04.11.2016 · № 569 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 3 мартындагы № 105 токтомуПостановление · 03.03.2016 · № 105
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы №467 токтомуПостановление · 04.09.2020 · № 467
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2016 · № 105 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 467 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине…Постановление · 04.09.2020 · № 467 · Күчүн жоготкон
- КРӨкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук…Постановление · 11.03.2013 · № 126 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 06.10.2012 · № 169
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-266" title="266-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>