25-берене. Туруктуу мекеме
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Туруктуу мекеме иш-аракеттин туруктуу ордун билдирет, ал аркылуу чет өлкөлүк уюмдун же резидент эмес - жеке жактын (мындан ары бул беренеде - резидент эместин) экономикалык иш-аракети толук же жарым-жартылай жүзөгө ашырылат.
2. "Туруктуу мекеме" түшүнүгүндө тактап айтканда төмөнкүлөр камтылат:
1) башкаруу орду;
2) бөлүмчө;
3) контора;
4) фабрика;
5) чеберкана;
6) шахта, нефти же газ скважинасы, карьер же жаратылыш ресурстарын алуунун башка ар кандай орду;
7) жер участогу;
8) курулуш аянтчасы же курулуш, монтаждоо же чогултуу объектиси же тиешелүү иштерди аткарууну көзөмөлдөөгө байланышкан кызмат көрсөтүүлөр, эгерде мындай аянтчада же объектте 183 жана андан ашуун календардык күндүн ичинде иш-аракет жүргүзүлсө же мындай кызмат көрсөтүүлөр ар кандай 12 айлык мезгилдин аралыгында 183 же андан ашуун календардык күндүн ичинде көрсөтүлсө;
9) жаратылыш ресурстарын чалгындоо үчүн колдонулуучу түзүлүштөр же курулмалар же ушундай иштерди аткарууну көзөмөлдөөгө байланышкан кызмат көрсөтүүлөр, же болбосо жаратылыш ресурстарын чалгындоо үчүн колдонулуучу бургулоо түзүлүштөрү же кеме, эгерде аларды ушундайча пайдалануу 183 жана андан ашуун календардык күнгө созулса же мындай кызмат көрсөтүүлөр ар кандай 12 айлык мезгилдин аралыгында 183 жана андан ашуун календардык күндүн ичинде көрсөтүлсө;
10) резидент эмес жалдаган персонал аркылуу резидент эместин консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүн кошо алгандагы кызмат көрсөтүүлөр, эгерде персонал Кыргыз Республикасынын аймагында мындай иш-аракетти ар кандай 12 айлык мезгилдин аралыгында 183 жана андан ашуун календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырса.
3. "Туруктуу мекеме" түшүнүгүндө төмөнкүлөр камтылбайт:
1) резидент эмеске таандык товарларды сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана курулмаларды пайдалануу;
2) резидент эмеске таандык товарлардын запастарын сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана кармап туруу;
3) резидент эмеске таандык товарлардын запастарын башка уюмдар же жеке жактар тарабынан кайра иштетүү максатында гана кармап туруу;
4) резидент эмес үчүн товарларды сатып алуу, же болбосо маалымат чогултуу максатында гана иш-аракеттин туруктуу ордун кармап туруу;
5) даярдоо же көмөктөшүү мүнөзүндөгү ар кандай башка иштерди резидент эмес үчүн жүргүзүү максатында гана иш-аракеттин туруктуу ордун кармап туруу;
6) ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1) - 5) пункттарында саналган иш-аракет түрлөрүн ар кандай комбинациялоону ишке ашыруу үчүн гана, иш-аракеттин туруктуу ордунун мындай комбинациялоонун натыйжасында келип чыгуучу жалпы иши даярдоо жана көмөктөшүү мүнөзүндө болгон шартта, иш-аракеттин туруктуу ордун кармап туруу;
7) агент аркылуу Кыргыз Республикасында экономикалык иш-аракет жүргүзүү (мындай жактар өзүнүн адаттагы иш-аракетинин алкагында аракеттенген шартта).
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 29 мая 2020 года № 9 О некоторых вопросах применения законодательства о государственной пошлине при рассмотрении…Постановление Пленума Верховного суда · 29.05.2020 · № 9
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке осуществления юридическими и физическими лицами отдельных видов экономической деятельности на основе обязательного патентирования (Утверждено постановлением…Положение · 25.02.2002 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 июня 2004 года N 435 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 17 марта 2000 года N 142 "О…Постановление · 14.06.2004 · № 435 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 16 октября 2003 года № 652 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 16.10.2003 · № 652 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 26 апреля 2004 года № 293 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 25 февраля 2002 года N 101…Постановление · 26.04.2004 · № 293 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-25" title="25-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>