Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
243-берене. Финансылык кызмат көрсөтүүлөр
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 38-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 апреля 2015 года № 81
1. Финансылык кызмат көрсөтүүнүн беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.
2. Ушул берененин максаты үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөр деп төмөнкүлөр таанылат:
1) пайыздык кирешелерди эсептөө жана өндүрүү, карыздык милдеттенмелерди берүү жана өндүрүү, банктык кепилдиктерди берүүнү кошуп алганда, кепилчиликтерди жана/же кепилдиктерди берүү, карыздык милдеттенмелерди башкаруу боюнча агенттин кызмат көрсөтүүлөрү;
2) депозиттер боюнча операциялар, корреспондент банктардын эсептерин кошуп алганда уюмдардын жана жеке жактардын банктык эсептерин ачуу жана жүргүзүү;
3) төлөмдөр, которуулар карыздык милдеттенмелер, чектер жана коммерциялык жүгүртүлүп жаткан төлөм каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар, инкассо боюнча операциялар;
4) ушул жакка таандык болгон аффинаждалган баалуу металлдардын жеке саны көрсөтүлүүчү жеке жактардын жана уюмдардын металлдан жасалган эсептерин ачуу жана киргизүү;
5) нумизматикалык монеталарды жана коллекциялык нускаларды кошпогондо, мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган валюта, банкноттор жана акча каражаттары менен, ошондой эле алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар менен операциялар;
6) акциялар, облигациялар жана башка баалуу кагаздар менен, төлөм карточкалар, ошондой эле акциз маркалары менен жүргүзүлгөн операциялар, буга баалуу кагаздардын сакталышын камсыз кылуу боюнча кызматтар; чарба жүргүзүүчү шериктешиктердин жана коомдордун капиталына катышуунун үлүштөрү менен жүргүзүлгөн операциялар кошулбайт;
7) инвестициялык фонддорду башкаруу;
8) клирингдик операциялар, анын ичинде төлөмдөрдү жыйноо, сорттоо жана төлөмдөрдү ырастоо, ошондой эле алар менен өз ара эсептешүүнү жүргүзүү жана клирингге катышуучулардын так позицияларын аныктоочу - банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган банктар жана уюмдар;
9) аккредитивдерди ачуу жана тейлөө.
3. Банктын заемчусунун карызын жоюунун эсебине алынган мүлктүн банк тарабынан аткарылган берими кредит боюнча карыздын суммасынын чектеринде КНСтен бошотулган болуп эсептелет.
4. Банктар тарабынан алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалардын, инвестициялык монеталардын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 апреля 2015 года № 81 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.07.2015 · № 491 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №177 токтому менен бекитилген "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана…Положение · 20.04.2011 · № 177 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №177 токтому менен бекитилген " Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү" ТАРТИБИПорядок · 20.04.2011 · № 177 · Күчүн жоготкон
- Приказ Госкомналогов КР от 18 декабря 2008 года № 143 "Об утверждении форм налоговой отчетности по налогу на добавленную стоимость, отчета по налогу с продаж, декларации по…Приказ · 18.12.2008 · № 143 · Күчүн жоготкон
- КРӨкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук…Постановление · 11.03.2013 · № 126 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-243" title="243-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>