Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
230-берене. КНС боюнча каттоого алууну жокко чыгаруу
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 36-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44
1. Эгерде беримдердин салык салынуучу наркы акыркы 12 айдын ичинде каттоо чегинен ашпаса, КНС боюнча каттоодон өткөн салык салынуучу субъект каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
(Экинчи абзац КР 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Үчүнчү абзац КР 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Салык салынуучу субъект жоюу же кайра уюштуруу аркылуу банкрот болгондо КНС боюнча каттоо жокко чыгарылат. Каттоону жокко чыгаруу банкроттук жол-жобо башталган күндөн кийинки 10 күндүн ичинде арыз берүүгө милдеттүү атайын администратордун арызы боюнча жүргүзүлөт.
(Экинчи абзац КР 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Салык салынуучу субъект, эгерде ал жоюлуу жөнүндө чечим кабыл алынган айдан кийинки айдан кечиктирбестен жоюлууга байланыштуу салык салынуучу беримдерди жүзөгө ашырууну токтотсо, каттоону жокко чыгаруу максатында салык органдарына кайрылууга милдеттүү.
31. Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон салык салынуучу субъект ушул режим колдонулган күндөн тартып беш күндүн ичинде каттоону жоюу максатында салык органына кайрылууга милдеттүү.
4. Салык төлөөчүнүн арызы боюнча салык кызматы органдары салык салынуучу беримдерди жүзөгө ашырганга чейин товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдерин жүзөгө ашыруу жөнүндө ниети токтотулса, КНС боюнча ыктыярдуу каттоону жокко чыгарууга милдеттүү.
5. Каттоо жокко чыгарылган учурда сатып алынган материалдык ресурстары боюнча КНСтин суммасын салык салынуучу беримдер боюнча КНСтин суммасынан ашыруунун орду ушул бөлүмдө белгиленген тартипте толтурулууга же кайтарылууга тийиш.
6. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу отчёт берилүүгө тийиш болгон күндөн кийинки күндөн тартып 2 календардык айдын ичинде салык төлөөчү КНС боюнча отчёт бербеген учурда, салык кызматы органынын чечиминин негизинде салык төлөөчүнүн арызысыз жүзөгө ашырылат.
(Абзац КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Ушул берененин 2, 3, 4 жана 6-бөлүктөрүнө каралган учурлардан тышкары КНСтин төлөөчүсү катары ыктыярдуу катталган субъектти каттоо ушул каттоо күчүнө кирген күндөн тартып 24 айдан мурда жокко чыгарылбайт.
8. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу тууралуу арыз бергенде салык салынуучу субъект же атайын администратор ушул бөлүмдө белгиленген мөөнөттө КНС боюнча салык отчетун берүүгө милдеттүү.
(Абзац КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу салык төлөөчүнү КНС боюнча салык милдеттенмелерин аткаруудан, ошондой эле чегерилген жана/же чегерилүүгө жаткан пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын аткаруудан бошотпойт.
10. (КР 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11. Каттоону жокко чыгаруу салык органы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган датадан тартып күчүнө кирет.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2016-жылдын 12-августундагы № 167, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 августа 2016 года № 167 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 токтому менен бекитилген)Порядок · 04.11.2016 · № 569 · Күчүн жоготкон
- Приказ Госкомналогов КР от 18 декабря 2008 года № 143 "Об утверждении форм налоговой отчетности по налогу на добавленную стоимость, отчета по налогу с продаж, декларации по…Приказ · 18.12.2008 · № 143 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик…Закон · 18.04.2020 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 12.08.2016 · № 167 · Күчүн жоготкон
- Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 13.04.2018 · № 39 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-230" title="230-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>