Аккаунтту жөндөңүз

2211-берене. Тоо кендерин казып алуучу жана/же тоо кендерин кайра иштетүүчү ишканаларга салык салуунун өзгөчөлүктөрү

Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 33-глава

Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.

2211-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.

Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.

Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы

Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.

  1. Закон КР от 22 августа 2020 года № 141 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
  2. Закон КР от 17 мая 2014 года № 71 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
  3. Закон КР от 9 августа 2012 года №158 "О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.08.2020 редакциясында эмне өзгөрдү

Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.

кошулду: Тоо кендерин казып алуучу жана/же тоо кендерин кайра иштетүүчү ишканаларга салык салуунун өзгөчөлүктөрү 1. Алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү киреше салыгын төлөйт. 2. Алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иштер кирешеге салыгын салуу объектиси болуп саналат. 3. Киреше салыгынын салык базасы төмөнкүлөр болуп саналат: 1) алтын эритмесин жана/же аффинаждалган алтынды сатып өткөрүүдөн алынган КПС жана сатуудан алынган салык эсепке алынбаганда түшкөн акча; 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте дүйнөлүк баага карата эсептелген алтын камтыган казылмадагы, алтын камтыган концентраттагы алтындын наркы. 4. Киреше салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет: 1) алтын камтыган кенге жана алтын камтыган концентратка: Бир троялык унция алтындын АКШ долларында баасы 1300 гө чейин 1301 ден 1400 гө чейин 1401 ден 1500 гө чейин 1501 ден 1600 гө чейин 1601 ден 1700 гө чейин 1701 ден 1800 гө чейин 1801 ден 1900 гө чейин 1901 ден 2000 ге чейин 2001 ден 2100 гө чейин 2101 ден 2200 гө чейин 2201 ден 2300 гө чейин 2301 ден 2400 гө чейин 2401 ден 2500 гө чейин 2501 ден жана андан жогору 2023-жылга чейин киреше салыгынын ставкасы, %да 8 10 12 14 16 18 20 21 22 23 24 25 26 27 2023-жылдан тартып киреше салыгынын ставкасы, %да 11 13 15 17 19 21 23 24 25 26 27 28 29 30 2) алтын эритмесине жана аффинаждалган алтынга: Бир троялык унция алтындын АКШ долларында баасы 1300 чейин 1301 ден 1400 гө чейин 1401 ден 1500 гө чейин 1501 ден 1600 гө чейин 1601 ден 1700 гө чейин 1701 ден 1800 гө чейин 1801 ден 1900 гө чейин 1901 ден 2000 ге чейин 2001 ден 2100 гө чейин 2101 ден 2200 гө чейин 2201 ден 2300 гө чейин 2301 ден 2400 гө чейин 2401 ден 2500 гө чейин 2501 ден жана андан жогору Киреше салыгынын ставкасы, %да 1 3 5 7 9 11 13 14 15 16 17 18 19 20 5. Календардык ай киреше салыгынын салык мезгили болуп саналат. 6. Киреше салыгын эсептөө ушул Кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт. 7. Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган Салык төлөөчү салык отчетун берүүнү жана киреше салыгын төлөөнү отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин эсептик катталган жери боюнча жүргүзүүгө милдеттүү. Эсептик каттоосу жок болгон учурда киреше салыгы салыктык каттоо болгон жери боюнча төлөнөт. (КР 2012-жылдын 9-августундагы № 158, 2014-жылдын 15-майындагы № 71, 2020-жылдын 22-августундагы № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Документте редакцияларды толук салыштыруу

Берененин байланыштары

Бул актынын беренеде аталган беренелери

Беренени өз сайтыңызга кошуу

Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:

<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-2211" title="2211-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>