210-берене. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин катышуучуларынын салыктык базасын аныктоонун өзгөчөлүктөрү
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин катышуучуларынын салыктык базасын аныктоо:
1) ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык, эгер аталган келишимдин шарттары боюнча пайда табуучу уюмдун уюштуруучусу болгон учурда;
2) ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык, эгер аталган келишимдин шарттары боюнча уюмдун уюштуруучусу пайда табуучу болуп эсептелбеген учурда жүргүзүлөт.
2. Ушул бөлүмдүн максаттары үчүн ишенимдүү башкаруу келишими боюнча өткөрүп берилген мүлк ишенимдүү башкаруунун кирешеси катары таанылбайт.
Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ишенимдүү башкаруучу алган сый акы анын кирешеси болуп эсептелет. Мында ишенимдүү башкарууга байланыштуу чыгымдар, эгер мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминде аталган чыгымдар ишенимдүү башкарууну уюштуруучусу тарабынан тартылаары белгиленбесе, ишенимдүү башкаруучунун чыгымдары болуп эсептелет. Ишенимдүү башкаруучу мүлктү ишенимдүү башкаруу боюнча салыктык мезгил үчүн кирешелерди жана чыгашаларды аныкташы жана башкарууну уюштуруучуга (пайда табуучуга) алынган кирешелер жана тартылган чыгымдар жөнүндө маалыматты бериши керек, аларды башкаруунун уюштуруучусу (пайда табуучу) тарабынан эсепке алуу үчүн, ушул бөлүмгө ылайык салыктык база аныкталган учурда.
3. Ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусунун кирешелери мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин алкагында жылдык жыйынды кирешесинин курамына кирет.
Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин аткарууга байланыштуу чыгымдар, анын ичинде мүлктүн амортизациясын кошкондо, ошондой эле ишенимдүү башкаруучунун сый акылары киреше алууга байланыштуу тартылган чыгымдар деп таанылат жана башкарууну уюштуруучунун чыгымдары болуп эсептелет.
4. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин алкагындагы пайда табуучунун кирешелери жылдык жыйынды кирешенин курамына кирет жана белгиленген тартипте салык салынууга тийиш.
Мында ушул келишимди аткаруунун алкагында алынган кирешени азайтуунун эсебинен сый акы төлөө каралган учурда ишенимдүү башкаруучунун сый акысынан тышкары, мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин аткарууга байланыштуу чыгымдар салыктык базаны аныктоодо башкаруунун уюштуруучусу тарабынан эсепке алынбайт, бирок пайда табуучунун чыгымдарынын курамына салык салуу максатында эсептелет. Мындай келишимдин колдонулушунун мөөнөтүнүн ичинде ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мүлктү пайдаланууда учураган чыгымдар ушул бөлүмгө ылайык салык салуу максатында эске алынган уюштуруучунун (пайда табуучунун) зыяндары катары таанылбайт.
5. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган учурда ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мүлк аталган келишимдин шарттары боюнча башкаруунун уюштуруучусуна кайтарып берилиши же башка адамга берилиши мүмкүн.
Мүлктү кайтарууда башкаруунун уюштуруучусунда күчүнө кирген мезгилде ишенимдүү башкарууга берилген мүлкү менен мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган учурга карата наркынын ортосундагы пайда болгон оң (терс) айырмага карабастан киреше (зыян) түзүлбөйт.
6. Бул берене ушул берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында каралган учурдан тышкары, обочолонгон мүлктүк комплексти - пайдык инвестициялык фондду түзүүчү башкаруучу компанияга жана мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин катышуучуларына (уюштуруучуларына) жайылтылбайт.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
210-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-210" title="210-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>