200-берене. Негизги каражаттарды классификациялоо жана амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 октября 2012 года № 169
1. Амортизацияланууга тийиш болгон негизги каражаттар амортизциялоонун төмөндөгү нормалары менен алты топ боюнча классификацияланат:
1) 1-топ: жеңил автомобилдер, жолдордо пайдаланылуучу автотрактордук техника, атайын шаймандар, жабдуулар жана буюмдар; компьютерлер, телефондук аппараттар, перифериялык түзүлмөлөр жана маалыматтарды иштетүү боюнча жабдуулар - 30 пайыз;
2) 2-топ: автомобиль транспортунун кыймылдуу курамы: жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, атайын автомобилдер жана авточиркегичтер. Курулуш жабдуулары. Өнөр жайдын бардык тармактары, эритүү өндүрүшү үчүн машиналар жана жабдуулар; устачылык-пресстөө жабдуулары; электрондук жана жөнөкөй жабдуулар; телекоммуникациялык жабдуулар; айыл чарба машиналары; офистик эмеректер; материалдык эмес активдер - 25 пайыз;
3) 3-топ: ушул бөлүктүн 1, 2, 4, 5 жана 6-бөлүктөрүндө саналып өтпөгөн, амортизацияланууга жаткан негизги каражаттар жана аларга теңештирилген чыгашалар - 20 пайыз;
4) 4-топ: темир жол, деңиз жана дарыя транспорт каражаттары, күч берүүчү орнотмолор жана шаймандар: жылуулук техника жабдуулары, турбиналык жабдуулар, электр кыймылдаткычтары жана дизелдик генераторлор, электр берүү жана байланыш түзүлмөлөрү, түтүк өткөргүчтөр - 10 пайыз;
5) 5-топ: имараттар, курулуштар, курулмалар - 10 пайыз;
6) 6-топ: салык төлөөчүнүн кен чыккан жерди геологиялык даярдоого кеткен чыгымдары, долбоордук жана инженердик-иликтөө иштери жана жер казынасын пайдалануу укугун алуу, ошондой эле кийин пайдалуу кендерди казып алуу максатында кендик-капиталдык жана кенди даярдоо иштерине кетүүчү чыгымдар, ошондой эле кен казып алуучу жана/же кенди кайра иштетүүчү ишканалардын пайдаланууга киргизилген жана иш жүзүндө жер казынасын пайдаланууда иштеп жаткан негизги каражаттары - 50 пайыз. Мында амортизациялоонун төмөндөтүлгөн нормасын пайдаланууга жол берилет. Кийинки салыктык мезгилдерде амортизациялоонун төмөндөтүлгөн нормаларын пайдаланган салык төлөөчүлөргө ушул төмөндөтүлгөн нормаларга өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.
Кен иштерин даярдоо боюнча капиталдык чыгымдар салыктык мезгилдин ичинде тындырылган запастардын санынын салыктык мезгилдин алдындагы кен казыла турган участоктун баланстык запастарынын санына болгон катышы катары аныкталуучу амортизациялык норма боюнча амортизацияланат.
2. Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, салык салуу максаттары үчүн амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасы салык төлөөчүлөр тарабынан ушул беренеде белгиленген тартипте жыл сайын аныкталат. Амортизация ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жылдын акырына топтун салыктык наркына карата амортизациялоонун нормасын колдонуу аркылуу ар бир топ боюнча өзүнчө чегерилет.
3. Имараттар, курулуштар жана курулмалар (мындан ары ушул беренеде - курулмалар) амортизациясы ар бир курулмага өзүнчө чегерилет. Курулма пайдаланууга берилген жана пайдаланыла баштаган датадан тартып 20 жыл өткөндөн кийин ар бир курулма жылына 20 пайыз норма боюнча тикелей колдонулган ыкма боюнча амортизацияланат.
4. Финансылык ижара (лизинг) келишиминин предмети болуп эсептелген негизги каражаттарды алган Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, салык төлөөчү-лизинг алуучу амортизацияны ушул беренеде белгилеген тартипте чегерет.
5. Салыктык максаттарда амортизациялана турган негизги каражаттар ар бир топ боюнча топтун салыктык наркын аныктап турат.
Топтун жыл аягындагы салыктык наркы төмөндөгүдөй эсептелет:
1) өткөн жылдын акырына карата топтун салыктык наркы катары аныкталган өткөн жылы эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасына азайтылган топтун жыл башындагы салыктык наркы, плюс
2) ушул берененин 6-бөлүгүнө ылайык жыл ичинде топко кошулган негизги каражаттардын наркы, плюс
3) өткөн жылдагы топтун салыктык наркына кошулган негизги каражаттардын наркынын калган бөлүгү, минус
4) ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык аныкталган нарк боюнча жылдын ичинде өндүрүштөн чыгарылган негизги каражаттар, минус
5) өткөн жылы чыгарылган негизги каражаттардын наркынын калган бөлүгү.
6. Топтун салыктык наркына кошулуучу негизги каражаттардын наркы төмөндөгүдөй формула менен аныкталат:
Б * (А + 0,5) / 12, мында А - негизги каражат иш жүзүндө киреше алуу үчүн пайдаланылган толук айлардын саны; Б - ушул Кодекстин 201-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык аныкталган негизги каражаттардын наркы.
7. Ушул жылдын ичинде өндүрүштөн чыгарылган топтун салыктык наркынан чыгарылган негизги каражаттардын наркы төмөндөгүдөй формула боюнча аныкталат:
Д * (С + 0,5) / 12, мында С - негизги каражаттар өндүрүштөн чыгарылган айдан кийин ошол жылда калган толук айлардын саны; Д - ушул Кодекстин 201-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аныкталган негизги каражаттардын наркы.
8. Эгерде топтун салыктык наркы жылдын акырына карата нөлдөн төмөн болсо, ал нөлгө теңештирилет, мында салык төлөөчү көрсөтүлгөн терс калдыкты өзүнүн кирешесине киргизет.
9. Ушул берененин максаттарында Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеби жөнүндө мыйзамдарына ылайык аткарылган негизги каражаттарды кайрадан баалоо топтун салыктык наркын көбөйтпөйт жана төмөндөтпөйт.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча негизги каражаттардын айрым түрлөрү үчүн амортизациялоонун тездетилген нормаларын белгилөөгө укуктуу.
(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
200-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- "Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI-102)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен…Порядок · 02.05.2014 · № 244
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2016 года № 228 "Об утверждении форм Единой налоговой декларации и порядка их заполнения"Постановление · 30.04.2016 · № 228 · Күчүн жоготкон
- "Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI-101)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен бекитилгенПорядок · 02.05.2014 · № 244 · Күчүн жоготкон
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-200" title="200-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>