186-берене. Салыктык база
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 28-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Пайдага салык боюнча салыктык база ушул бөлүмдө каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бухгалтердик эсеп жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелер боюнча эсептелген пайда болуп эсептелет,
2. Ушул бөлүмдүн максаттары үчүн пайда - салык төлөөчүнүн жылдын жыйынды кирешеси менен салык мезгили үчүн эсептелген ушул бөлүмгө ылайык чыгарып салынууга тийиш чыгымдардын ортосундагы оң айырма.
3. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекемеси менен байланышпаган Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алган чет өлкөлүк уюмдар үчүн салыктык база чыгарып салуу жүргүзүлбөгөн киреше болуп эсептелет.
4. Пайдага салык боюнча салыктык база бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык активдерди жана милдеттенмелерди баалоонун натыйжасында пайда болгон кирешелерге жана чыгымдарга көбөйбөйт жана азайбайт.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
186-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-186" title="186-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>