183-берене. Бул бөлүмдө колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 28-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 мая 2015 года № 96
Бул бөлүмдө төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) "Кен чыккан жерди геологиялык даярдоо" - издөөчү-баалоочу жана чалгындоо иштеринин комплекси, анын ичинде өнөр жай категориялары боюнча кен чыккан жердин запастарын эсептөө жана геологиялык-экономикалык баалоо жүргүзүү.
2) "Кен-капиталдык иштер" - кен чыккан жерди же анын бөлүгүн ачууну жана иштетүүгө даярдоону камсыздоочу кен-куруу иштеринин комплекси.
а) ачык иштетүүдө кен-капиталдык иштер өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ачуу (капиталдык чуңкурлар) жана разрездик (разрездик чуңкурларды же котловандарды) иштетүүлөрдү жүргүзүү жана жабдуу;
- карьерди пайдаланууга берүү учурунда пайдалуу кендин үстүңкү катмарын жана кен жайгашкан тоо тектерин алып салуу жана башка жерге чогултуп коюу;
- сууну азайтуучу скважиналарды бургулоо жана жабдуу боюнча иштер, жер астындагы дренаждарды куруу жана башка иштетүүлөр.
Кен-капиталдык иштердин процессинде карьердин төрттөн алты айга чейинки иштеген убактысында долбоордук өндүрүштүк кубаттуулукка жетүүгө кепилдик берген пайдалуу кендердин запастарын ачуу жана иштетүү үчүн даярдоо иштери жүргүзүлөт. Кен катмары алда канча тереңдикте жайгашкан учурда кен-капиталдык иштерге карьердин долбоордук өндүрүштүк кубаттуулугунун он беш пайызынан кем эмесине жетүү үчүн аткарууга зарыл болгон иштер кирет.
б) Жер астындагы иштетүүдө кен-капиталдык иштер өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- узата казылган үңкүрлөрдү, штольняларды жана ага жанаша камераларды куруу жана жабдуу, үңкүрлөрдү тереңдетүү, үңкүрлөрдүн айланасындагы камераларды жана иштеп чыгууларды куруу жана жабдуу;
- негизги капиталдык иштеп чыгууларды (квершлагдарды, түртүп чыгаруучу жана желдетүүчү штректерди, жантаймаларды, бремсбергдерди, кен тазалагычтарды ж.б.) жүргүзүү жана жабдуу.
Жаңы кен казып алуучу ишкананы курууда кен казып алуу боюнча капиталдык иштердин көлөмү анын толук долбоордук өндүрүштүк кубаттуулугун же анын айрым кезегинин кубаттуулугунун (кен казуучу жаны ишкана этабы боюнча ишке берилгенде) камсыз кылуу менен алдын ала аныкталат.
3) "Кен-даярдоочу иштер" - шахталарда жана карьерлерде пайдалуу кендерди казууну, газодинамикалык көрүнүштөрдөн коргоону өз учурунда жүргүзүү боюнча кен-куруу иштеринин комплекси, анын ичинде көмүрдүн, тектердин жана газдардын, кен соккуларынын таштандыларын жана даярдалуучу запастарды чалгындоо. Кен-даярдоо иштеринин негизги мазмуну - кен казып алуу ишканасынын казылган участоктордун контурларын белгилеген даярдоо иштерин жүргүзүү.
4) "Кен казып алуучу ишкана" - пайдалуу кен чыккан жерди иштетүүчү ишкана.
5) "Карыздык баалуу кагаздар боюнча дисконт" - карыздык баалуу кагаздардын номиналдык наркы менен баштапкы жайгаштырылган наркынын (купонду эсепке албастан) же сатып алынган наркынын (купонду эсепке албастан) ортосундагы айырма.
6) "Карыздык баалуу кагаздар" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, КРУБ, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыгарган же кепилдик берген мамлекеттик ички жана жергиликтүү зайымдардын, башка кагаздардын баалуу түрлөрү.
7) "Катыштын үлүшү" - акционердик коомдордон жана пайдык инвестициялык фонддон тышкары, биргелешип түзүлгөн уюмда жеке жана юридикалык жактын мүлктөй катышуусунун үлүшү.
8) "Киреше" - активдердин (акчалай каражаттар, башка мүлк) агымы, өсүшү, катышуучулардын салымдарын кошпогондо же салык төлөөчүнүн өздүк капиталынын көбөйүшүнө алып келген милдеттенменин азайуусу.
9) "Карыздык баалуу кагаздар боюнча пайда" - вексель боюнча төлөм, дисконт же купон (дисконтту кошуп же баштапкы жайгаштыруу наркынан жана/же сатып алуу наркынан сыйакы);
10) "Карыздык баалуу кагаздар боюнча купон" (мындан ары - купон) - чыгаруунун шарттарына ылайык карыздык баалуу кагаздардын эмитент тарабынан номиналдык наркынан ашык төлөнүүчү (төлөнүүгө тийиш) сумма.
11) "кен казып алуучу жана/же кенди кайра иштетүүчү ишканалардын негизги каражаттары" - аталган ишканалардын техникалык долбоор жана/же техникалык-экономикалык негиздемеде каралган өндүрүлгөн жана/же сатып алынган мүлкү, анын ичинде:
а) жүргүзүлгөн жана жабдылган кен-капиталдык жана кен-даярдоо иштер (шахталык үңкүрлөр, штольнялар, квершлагдар, башкы түртүп чыгаруучу жана желдетүүчү штректер, жантаймалар жана бремсбергдер, борбордук жана участоктук суу агызуучу жер астындагы камералар, энергия менен камсыз кылуу жана желдетүү, карьерлердин технологиялык магистралдык автожолдору, капиталдык ачуу, ачуучу жана разрездик чуңкурлар жана башка капиталдык жана мүмкүнчүлүктү камсыз кылуучу кен казып алуучу даярдоочу иштеп чыгуулар, кен жабдуулары, технологиялык жабдуулар, жеңил автомобилдерин кошпогондо башка автотранспорт);
б) пайдалуу кендерди иштетүү жана минералдык сырьену кайра иштетүү үчүн кен-транспорттук машиналар, технологиялык жабдуулар, ошондой эле негизги жана жардамчы багыттагы башка жабдуулар;
в) негизги жана жардамчы багыттагы имараттар жана курулмалар;
г) транспорттук жолдор.
12) "Карыздык баалуу кагаздар боюнча сыйакылар" - карыздык баалуу кагаздарды баштапкы жайгаштыруунун наркы (купонду эсепке албастан) же сатып алуу наркы (купонду эсепке албастан) менен номиналдык наркынын ортосундагы айырма, аларды сатып алуу шарттары купонго акы төлөөнү карайт.
13) "Туунду баалуу кагаздар" - туунду баалуу кагаздардын маалыматтарынын базалык активдерине карата укуктарды ырастоочу баалуу кагаздар. Туунду баалуу кагаздарга төмөнкүлөр кирет: опциондор, своптор, форварддар, фьючерстер, депозитардык распискалар, варранттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туунду баалуу кагаздар деп таанылган башка баалуу кагаздар. Базалык активдер болуп товарлардын стандартташтырылган партиялары, баалуу кагаздар, валюта жана финансылык шаймандар.
14) "Баалуу кагаздар" - акциялар, карыздык баалуу кагаздар, туунду баалу кагаздар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар деп таанылган мүлктөй укуктун башка объекттери.
15) (КР 2015-жылдын 15-майындагы № 96 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2015-жылдын 15-майындагы № 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
183-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 15.05.2015 · № 96 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-183" title="183-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>