171-берене. Социалдык чыгарып салуулар
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 24-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 мая 2018 года № 50
1. Салык төлөөчү салык төлөөчүнүн жана анын багуусундагы жыйырма төрт жаштан ашпаган адамынын билим алуусуна социалдык чегерим каражатын алууга укуктуу.
2. Мектепке чейинки, мектептик, орто кесиптик жана жогорку билим алуу үчүн чыгарып салуулардын өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмунун дарегине же камкорчулук кеңештеринин дарегине салык салуучу төлөгөн жана документтер менен тастыкталган төлөмдүн суммасына тең, бирок билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө, ал эми багуусунда үч же андан көп адам турган салык төлөөчүлөр үчүн, билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген социалдык чыгарып салууларга салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын жана төлөнгөн чыгымдарды ырастоочу документтеринин негизинде салыктык декларация берилген учурда укук берилет.
4. Эгер социалдык чыгарып салуулардын суммасы ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган чектөөнүн суммасынан ашык болсо, анда мындай ашык сумма кийинки салыктык мезгилдерде чегерип салынууга тийиш эмес.
(КР 2018-жылдын 21-майындагы № 50 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
171-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы №719 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.11.2009 · № 719 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июнундагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.06.2019 · № 297 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-171" title="171-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>