165-берене. Жылдык жыйынды кирешенин курамы
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 23-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2020 года № 113
1. Салык мезгилинин жылдык жалпы кирешесине ушул салыктык мезгилде салык төлөөчү акчалай, ошондой эле натуралай формада, жумуштар, кызматтар формасында алган бардык түрлөрү кирет, анын ичинде:
1) кызматкердин кирешелери, анын ичинен:
а) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган эмгек акы, анын ичинде сыйакы, кепилдик, компенсациялык жана башка төлөмдөр;
б) кызматкер тарабынан эмгек компенсациясы катары алынган:
- товарлар;
- кызматкердин кызыкчылыгын көздөп аткарылган иштер;
- кызматкерге көрсөтүлгөн кызматтар;
в) кызматкер тарабынан үчүнчү жактардан алынган товарлардын, иштердин, кызматтардын наркын жумуш берүүчүнүн төлөп бериши;
г) уюмду башкарууга катышканы үчүн алган сыйакы жана компенсация түрүндөгү кирешелер;
д) өзүнүн кызматкерлеринин камсыздандыруу келишимдери боюнча жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасы;
2) материалдык пайда түрүндө алынган кирешелер;
3) акысыз алынган активдердин наркы;
4) Кыргыз Республикасындагы төлөм булагынан салык салынбай турган кирешелер жана мурда салынган салыктардан тышкары пайыздык, анын ичинде камсыздандыруу келишимдери боюнча киреше;
5) дивиденддер;
6) жеке менчик укугунда таандык автомототранспорт каражатын сатып алган күндөн тартып бир жылга жетпеген мезгилдин ичинде кайра сатууда нарктын өсүшү;
7) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү системасынын органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна таандык жана ушул кыймылсыз мүлк сатып алынган күндөн тартып удаалаш келген эки жылга жетпеген мезгилде жеке менчик укугунда турган кыймылсыз мүлктү сатууда нарктын өсүшү;
8) мурастоону, белекке берүүнү кошкондо, сатып алуу наркын кемитүү менен баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн киреше;
9) субсидия;
10) моралдык зыянды компенсациялоо түрүндө алынган кирешелер;
11) пенсиялар;
12) стипендиялар;
13) жөлөкпулдар;
14) утуштар түрүндө алынган кирешении бардык түрлөрү;
15) салык төлөөчүнүн милдеттенмелеринин токтотулушунан түшкөн кирешелер, алар төмөнкүлөрдүн эсебинен келип чыгат:
а) кредиторлордун аласасын кечирүүдөн;
б) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу милдеттенмелерди эсептен чыгаруудан;
в) салык төлөөчүүнүн милдеттенмесин, анын ичинде салыктык милдеттенмени үчүнчү жак аткаруудан;
16) камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммалары (ордун толтуруулар);
17) роялти;
18) камсыздандыруунун топтоочу түрлөрүнөн төлөнүүчү киреше (камсыздандыруу же кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча пайыздык киреше).
2. Киреше алууга үмүт байлаткан, бирок иш жүзүндө алынбаган киреше киреше катары эсептелбейт жана жылдык жыйынды кирешенин курамына кошулбайт.
3. Жылдык жыйынды кирешенин курамына салык салынбай турган кирешелер кирбейт.
4. Дивиденддерди төлөбөстөн, уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы кирешени төлөө болуп саналбайт жана салыктык милдеттенменин келип чыгышына алып келбейт.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2020-жылдын 3-августундагы № 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
165-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 августа 2020 года № 113 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
03.08.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жыйынды кирешенин курамына салык салынбай турган кирешелер кирбейт.
кошулду: 4. Дивиденддерди төлөбөстөн, уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы кирешени төлөө болуп саналбайт жана салыктык милдеттенменин келип чыгышына алып келбейт.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № алынып салынды: 255 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 255, 2020-жылдын 3-августундагы № 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-декабрындагы № 831 "2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.12.2006 · № 831 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы №719 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.11.2009 · № 719 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-165" title="165-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>