Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
149-берене. Салык төлөөчүнүн даттанууларын кароонун тартиби
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 февраля 2017 года № 27
1. Салык төлөөчүнүн даттануусуна мындай даттануу алынган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирбеген мөөнөттө даттануунун маанисине карата чечим жиберилет.
Даттанууну кароо мөөнөтү ыйгарым укуктуу салык органына даттануу катталган күндөн кийинки күндөн тартып эсептелет жана салык төлөөчүгө чечим жооп жиберилген күндө бүтөт.
2. Эгерде даттанууну кароо мезгилинде салык төлөөчүдөн өз ара байланыштуу салыктар жана төлөмдөр боюнча баштапкы даттанууга толуктоо түшсө, негизги жана кошумча даттануулар боюнча кароо мөөнөтү толуктоо түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып башталат.
Даттанууну кароо мөөнөтү эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына, салык маселелери боюнча жоболорду колдонуунун тартибин түшүндүрүү үчүн тийиштүү органдарга суроо-талаптарды жиберүү, утурлама текшерүүлөрдү, кайра текшерүүлөрдү дайындоо учурларында токтотулуп турат. Салык төлөөчүгө даттануу боюнча акыркы чечим ушул пунктта каралган жол-жоболорду аткаргандан кийин кабыл алына тургандыгы тууралуу аралык чечим жиберилет. Ушул бөлүктө каралган мөөнөттөрдү узартуу жана токтотуп туруу күндөрүн кошуп алганда, даттанууну кароо мөөнөтү даттанууну берген күндөн кийинки күндөн тартып 90 күндөн ашпоого тийиш
3. Салык төлөөчүнүн даттануусу, эгерде ыйгарым укуктуу салык органы ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттө чечим жибербесе, канааттандырылды деп эсептелет.
4. Даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу салык органы төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандырат;
2) салык төлөөчүнүн даттануусун жарым-жартылай канааттандырат;
3) салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандыруудан баш тартат.
Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынган чечим салык кызматы органынын мурдагы чечимин жокко чыгарат.
5. Ыйгарым укуктуу салык органы чечимди салык төлөөчүгө ушул Кодекстин 82-беренесинде каралган тартипте тапшырат, ошондой эле чечимине доо арызы берилген салык кызматы органына жиберет.
Ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде чечимине даттанылган салык кызматынын органы ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган учурларда ушул Кодекстин 106-беренесинин 2-6-бөлүктөрүнө ылайык жаңы чечим чыгарууга милдеттүү.
6. Эгерде даттанууда мурда жиберилген даттанууларга мааниси боюнча байланыштуу ал боюнча чечимдер арыз ээсине бир нече ирет жөнөтүлгөн маселелерди камтыса жана даттанууда жаңы негиздер же жагдайлар келтирилбесе, ыйгарым укуктуу салык органы кезектеги даттануунун негизсиздиги жана көрсөтүлгөн даттануу, мурда жиберилген даттануулар бир эле органга жиберилген шартта бул маселе боюнча салык төлөөчү менен кат жазышууларды токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Бул чечим жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө кабарланат.
7. Берилген даттануу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине макул болбогон салык төлөөчү бул чечимге администрациялык иштер үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрү менен жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча сот тартибинде даттанууга укуктуу.
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 17-февралындагы № 11-р чечими (КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2017-жылдын 20-февралында № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 17-февралындагы № 3-р "Жаран Куватбек Тунгучбекович Шатмановдун "Интерлизинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун…Сот практикасы · Решение · 17.02.2017 · № 3-р
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 17-февралындагы № 3-р "Жаран Куватбек Тунгучбекович Шатмановдун "Интерлизинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун…Решение · 17.02.2017 · № 3-р
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2017-жылдын 5-декабры "«Агрохимсервисцентр» жабык акционердик коомунун директору Нурмамат Маматжановдун Кыргыз Республикасынын…Постановление · 05.12.2017
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-149" title="149-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>