14-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын мейкиндик, убакыт жана адамдар чөйрөсү боюнча колдонулушу
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40
1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары, тиешелүү аймакта колдонулуучу жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында колдонулат.
2. Ушул Кодекске жаңы салыктарды белгилөө, салыктардын ставкаларын жогорулатуу бөлүгүндө, салыктык жеңилдиктерди алып салуу жана/же салыктарды төлөөдөн бошотууну алып салуу жана/же жаңы салыктык жеңилдиктерди берүү жана/же салыктарды төлөөдөн бошотууну берүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларды күчүнө киргизүүнүн башкача тартиби белгиленбесе, алар расмий жарыяланган күндөн баштап кеминде 2 ай өткөндөн кийин, алдыдагы салыктык мезгилдин биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары артка карай колдонулушу мүмкүн, эгерде бул өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актыда түздөн-түз каралса, ал:
1) салык жоюлса;
2) салыктын ставкаларынын өлчөмү төмөндөтүлсө;
3) салыктык укук мамилелеринин катышуучусу милдетинен бошотулса;
4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчиликтен бошотулса же жоопкерчилик азайтылса;
5) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун укуктарын коргоонун кошумча кепилдиктери белгиленсе;
6) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун абалы башкача түрдө жакшыртылса.
4. Жаңы салыктарды белгилөөчү; салыктардын ставкаларынын өлчөмдөрүн жогорулатуучу; салыктык укуктарды бузгандык үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү; салыктык укук мамилелеринин катышуучуларынын жаңы салык милдеттенмелерин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары артка карай колдонулбайт.
(КР 2016-жылдын 12-августундагы № 167, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Постановление · 24.04.2020 · № 216
- КР Окмотунун 2009-жылдын 24-ноябрындагы №712 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 24.11.2009 · № 712 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-14" title="14-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>