Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Үчүнчү жактын укуктары
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы
1. Үчүнчү жак төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруучуга кооптуу өндүрүш объектисинде болгон авариянын натыйжасында камсыздандыруу жагдайынын болгондугу жөнүндө билдирүүгө;
2) камсыздандырылуучу менен бирдикте камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн документтерди чогултуу жана аларды камсыздандыруучуга берүүгө;
3) келтирилген зыяндын өлчөмүнө баа берүү үчүн көз карандысыз эксперттин кызматынан пайдаланууга;
4) келтирилген зыяндын көлөмүн баалоонун жыйынтыгы жана камсыздандыруу кайтарымынын эсеби менен танышууга;
5) ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу кайтарымынын өлчөмүн алууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн баш тарткандыгы же азайткандыгы боюнча талаш-тартышка барууга;
7) камсыздандыруу кайтарымына белгиленген суммадан ашык келтирилген зыянды калыбына келтирүү жөнүндө камсыздандырылуучуга талап коюуга.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарда үчүнчү жактын укуктары ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленгендей башка жакка (пайда табуучуга) өтүп кетет.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202416/st-12" title="12-берене - Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>