Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Камсыздандыруучунун укугу жана милдеттери
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы
1. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тийиштүү мамлекеттик органдардан жана уюмдардан компетенциясына жараша камсыздандыруу жагдайынын болгондугу жөнүндө фактыны далилдеген документтерди алууга жана жабырлануучуга келтирилген зыяндын өлчөмү жөнүндө кайрылууга;
2) Кооптуу өндүрүш объекттеринде болгон аварияны териштирүү боюнча компетенттүү комиссиянын ишине катышууга жана чыгымдын өлчөмүн тактоо менен алынган маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга;
3) үчүнчү жактын мүлкүнө жана (же) ден соолугуна келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн көз карандысыз эксперттин кызматынан пайдаланууга жана камсыздандыруу жагдайы болгон кезде камсыздандыруунун өлчөмүн аныктоого. Көз карандысыз эксперт тарабынан зыяндын өлчөмүн баалоо мөөнөтү комиссиянын иштөө мөөнөтүнөн ашпоого тийиш;
4) зыяндын келтирилишине күнөөлүү адамга кайрадан талап коюу укугунан пайдаланууга;
5) Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдаланууда камсыздандыруу тобокелчилигин жогорулатууга алып келиши мүмкүн болгон кырдаал өзгөргөн учурда (анын болушу менен камсыздандыруу жагдайынын же келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын күтүлүшү толук ыктымал болгондо) келишимдин шарттарын өзгөртүүнү талап кылуу;
6) келтирилген зыяндын ордун төлөп берүүгө байланыштуу мамилелерде камсыздандырылуучунун атынан жана анын тапшыруусу боюнча чыгууга;
7) Пайда табуучунун талабын билдирүү мамилесинде камсыздандырылуучунун тапшыруусу боюнча сот ишинде анын атынан доо кое алат. Бирок, камсыздандыруучунун бул аракети камсыздандыруу төлөмүн төлөөнү жүзөгө ашыруу боюнча өзүнүн милдети катары каралып бааланбайт.
2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) камсыздандырылуучуну кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттары менен тааныштырууга, кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминен улам пайда болгон анын укук жана милдеттерин түшүндүрүүгө;
2) беш жумушчу күндүн ичинде камсыздандыруу келишимин түзүү боюнча камсыздандыруучуга камсыздандыруу полисин берүүгө;
3) эгер камсыздандырылуучуда мындай каттоо болбогон болсо, камсыздандыруу жагдайына киришүү жөнүндө маалымат алгандан кийин аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдар (Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүмү, Өкмөткө караштуу айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча Мамлекеттик агенттиги, Ички иштер министрлиги, Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлиги) тарабынан белгиленген тартипте каттоого;
4) камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн көрсөтүү менен камсыздандыруу актысын түзүүгө жана аны менен тааныштыруу үчүн камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) көрсөтүүгө;
5) камсыздандыруу жагдайы болгондугу таанылган учурда аны төлөп берүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн баштап отуз күндүн аралыгында арыздын жана камсыздандыруу жагдайынын болгондугун далилдеген документтердин негизинде камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүгө;
Тараптардын ортосунда пикир келишпестик болгон учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү жоготуунун ордун толтуруу өлчөмүн, мүнөзүн жана формасын аныктаган компетенттүү сот органдарынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
6) камсыздандыруу жагдайы болгондон кийин чыгымды азайтуу же болтурбоо максатында чыгымдарын камсыздандырылуучуга кайтарып берүүгө;
7) камсыздандыруу төлөмдөрүн баалоодон баш тартууга негиз болсо, бул тууралуу камсыздандырылуучуга жазуу жүзүндө отуз күндүн ичинде баш тартуу негиздерин көрсөтүп билдирүүгө;
8) камсыздандыруунун жашырындуулугун сактоого.
3. Камсыздандыруу келишиминде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келбеген башка дагы камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202416/st-11" title="11-берене - Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>