6-берене. Милдеттүү резервдик фонд
Күчүн жоготкон · 01.11.2011 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191.
1.Оюн-зоок жайы милдеттүү резервдик фондду түзүүгө тийиш, ал
оюн-зоок ишине мүнөздүү мүмкүн болуучу жоготууларды жабууну камсыз кы- лууга кызмат кылат жана оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелчиликтерден коргоону камсыз кылууга багытталат.
2. Милдеттүү резервдик фонддун эњ аз өлчөмү төмөнкүдөй суммаларга
тете болуусу тийиш:
- Кыргыз Республикасынын борборундагы казино үчүн - кырк мињ эсеп-
тик көрсөткүчкө, облустук-администрациялык бирдиктерде жайгашкан казино үчүн - жыйырма мињ эсептик көрсөткүчкө барабар;
- Кыргыз Республикасынын борборундагы оюн-зоок автоматтарынын зал-
дары үчүн - он мињ эсептик көрсөткүчкө, облустук-администрациялык ай- мактык бирдиктерде жайгашкан оюн автоматтар залдары үчүн - беш мињ эсептик көрсөткүчкө барабар;
- Кыргыз Республикасынын борборундагы букмердик кењселер жана то-
тализаторлор үчүн - мињ эсептик көрсөткүчкө, облустук администрация- лык-аймактык бирдиктерде жайгашкан букмердик кењселер жана тотализатор- лор үчүн - беш мињ эсептик көрсөткүчкө барабар,
3. Милдеттүү резервдик фонд акчалай формада гана жана оюн-зоок
жайынын уюштуруучулардын каражаттарынын эсебинен гана түзүлөт. Милдет- түү резервдик фондду түзүүдө насыя жана негизги каражаттарды, ошондой эле материалдык эмес активдерди пайдаланууга жол берилбейт.
4. Эњ аз өлчөмдөгү милдеттүү резервдик фонд оюн-зоок жайларын
ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензия алуу үчүн арыз бергенге чейин түзүлүшү керек. Милдеттүү резервдик фонддун каражаттары оюн-зоок жайынын кассасында сакталат жана бул каражаттар бышыктоочу до- кументтерин тапшыруу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдет- түү түрдө билдирилүүгө тийиш.
5. Оюн-зоок жайлары кошумча иретинде өзүндө оперативдүү оюн-зоок
фондун түзүүгө акысы бар.
Берененин тексти 01.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202415/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>