Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 22.03.2016 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 марта 2016 года № 24
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: зыяндуу өндүрүштүк фактор - кызматкерге тийгизген таасири анын ооруп калышына же эмгекке жарамдуулугунун азайышына алып келүүчү өндүрүштүк фактор; пайда табуучу - камсыздандыруу келишими анын пайдасына түзүлгөн жак; жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилиги - кызматкер эмгектик (кызматтык) милдетин аткарып жатканда анын өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыянды төлөп берүү боюнча жумуш берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген милдети; кош камсыздандыруу - бир эле мүлктү эки же бир нече камсыздандыруучуда камсыздандыруу; аннуитет келишими - камсыздандыруу келишими, ага ылайык камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүн келишимде белгиленген мөөнөттүн ичинде, пайда табуучунун пайдасына мезгил-мезгили менен төлөп турууга милдеттүү; кесиптик тобокелчилик классы - экономикалык иш-аракеттин түрлөрү боюнча калыптанган өндүрүштүк жаракат алуунун жана кесиптик ооруларга чалдыгуунун деңгээли; жоопкерчилик лимити - камсыздандыруучу бир камсыздандыруу окуясы боюнча төлөп берүүчү камсыздандыруу төлөмүнүн эң жогорку өлчөмү; эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткаруудагы кырсыктуу окуя (мындан ары - кырсыктуу окуя) - кызматкер эмгектик (кызматтык) милдеттерин же жумуш берүүчүнүн тапшырмасын аткарып жатканда ага зыяндуу жана (же) опурталдуу өндүрүштүк фактордун таасир этишинин натыйжасында кызматкердин жаракат алышы же ууланышы жана ошонун кесепетинен эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготушу, кесиптик ооруга чалдыгышы же өлүмгө учурашы; опурталдуу өндүрүштүк фактор - кызматкерге тийгизген таасири анын эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготушуна (эмгектик майыптыкка же кесиптик ооруга) же өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон өндүрүштүк фактор; кайра камсыздандыруу - камсыздандыруу төлөмүн төлөп калуу тобокелчилигин башка камсыздандыруучу менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча толук бойдон же жарым-жартылай камсыздандыруу. Мында кайра камсыздандыруу келишимин түзгөн, камсыздандыруу келишими (негизги келишим) боюнча камсыздандыруучу жак кайра камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылуучу жак болуп саналат; кесиптик оору - кызматкердин эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарышына байланыштуу ага зыяндуу жана (же) опурталдуу өндүрүштүк факторлордун таасир этишинен улам пайда болгон өнөкөт же катуу оору; чогуу камсыздандыруу - бир объектини бир келишим боюнча бир нече камсыздандыруучу тарабынан биргелешип камсыздандыруу; эмгекке жарамдуулукту жоготкондук даражасы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган камсыздандыруу окуясы болгондон кийин кызматкердин эмгектик (кызматтык) милдеттерди аткарууга жарамдуулугунун азайыш деңгээли; камсыздандырылуучу - камсыздандыруу уюму (камсыздандыруучу) менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жаран же юридикалык жак; камсыздандыруу сый акысы - келишимде шартталган акы, аны камсыздандырылуучу камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруучуга төлөп берүүгө милдеттүү; камсыздандыруу суммасы - кызматкер эмгектик (кызматтык) милдетин аткарып жатканда анын өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу төлөп берүүгө милдеттенген камсыздандыруу төлөмүнүн суммасы; камсыздандыруу төлөмү - камсыздандыруу окуясы болгон учурда келген зыянды жабуу үчүн камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүүчү сумма; камсыздандыруу тобокелчилиги - болушуна карата камсыздандыруу жүргүзүлүүчү деп болжолдонгон окуя; камсыздандыруу окуясы - камсыздандыруу келишиминде же мыйзамда каралган окуя, анын болушу менен камсыздандыруучунун камсыздандырылуучуга, камсыздандырылган жакка же болбосо пайда табуучуга камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүгө милдеттүүлүгү келип чыгат; кызматкер эмгектик (кызматтык) милдетин аткарып жатканда анын өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян алып келген окуя, анын болушу менен камсыздандыруу төлөмүн жүзөгө ашыруу жагы кызматкер эмгектик (кызматтык) милдетин аткарып жатканда анын өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралат; камсыздандыруучу - коммерциялык уюм болуп саналган жана камсыздандыруунун тиешелүү түрүн жүргүзүүгө лицензиясы бар юридикалык жак (камсыздандыруу уюму); камсыздандыруу акылары - камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруучуга мезгил-мезгили менен төлөнүп туруучу камсыздандыруу сый акысы; камсыздандыруу резервдери - камсыздандыруунун түрлөрү боюнча алынган камсыздандыруу акыларынан камсыздандыруучулар тарабынан алар өздөрүнө алган камсыздандыруу милдеттерин аткарууну камсыз кылуу максатында түзүлүүчү атайын акчалай фонддор; камсыздандыруу тарифтери - камсыздандыруучу иштеп чыккан жана камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп бериле турган камсыздандыруу сый акысынын өлчөмүн аныктоодо ал тарабынан колдонулуучу тарифтер; эмгекке жарамдуулук - кызматкердин тийиштүү квалификациядагы, көлөмдөгү жана сапаттагы жумушту аткарууга жарамдуулугу; ыйгарым укуктуу орган - өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде эмгек, жумуштуулук жана социалдык коргоо жагында мамлекеттик саясатты координациялоочу жана жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.03.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202408/st-1" title="1-берене - Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>