14-берене. Жабырлануучунун укуктары
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 3-глава
1. Жабырлануучу төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) жүргүнчүлөрдү ташууну жүргүзүүнүн натыйжасында камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруу окуясынын болгондугу тууралуу камсыздандырылуучуга кабарлоого;
2) камсыздандырылуучу менен бирдикте камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүгө керектүү документтерди топтоого жана аларды камсыздандырылуучу менен ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучуга берүүгө;
3) келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыктары жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн эсептери менен таанышууга;
4) ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдө жана тартипте камсыздандыруу төлөмүн алууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмдөрүнөн баш тарткандыгы же анын өлчөмүн азайткандыгы жөнүндөгү чечимин талашууга;
6) өзүнө келген зыяндын суммасы өзү алган камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынан ашып кеткен учурда, бул айырманы төлөп берүү жөнүндө ташуучуга талап коюуга.
2. Ушул Мыйзамда каралган учурларда жабырлануучунун ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген укуктары пайда алуучу катары чыккан башка адамдарга өтөт.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202403/st-14" title="14-берене - Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>