13-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 3-глава
1. Камсыздандыруучу төмөндөгүлөргө укуктуу.
1) ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган маалыматтардан сырткары, ушул Мыйзамга ылайык ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимине киргизүү үчүн керектүү маалыматтарды, анын ичинде ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун мурдагы келишимдери, камсыздандыруу окуялары жана камсыздандыруу төлөмдөрү тууралуу маалыматтарды берүүнү камеыздандырылуучудан талап кылууга;
2) тиешелүү мамлекеттик органдардан жана уюмдардан, алардын компетенциясына жараша камсыздандыруу окуясынын болгондугун ырастаган документтерди суроого;
3) ушул Мыйзамдын 21-беренесинде каралган учурларда келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликтүү адамга кайра талап коюу укугуна;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн толук же жарым-жартылай төлөөдөн баш тартууга.
Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары да каралышы мүмкүн.
2. Камсыздандыруучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттары менен камсыздандырылуучуну тааныштырууга, ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө;
2) ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөндө камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүүгө;
3) камсыздандыруу окуясы болгондугу тууралу билдирүү алганда кечиктирбестен аны каттоого;
4) камсыздандыруу окуясы болгондугу тууралуу билдирүү алган учурдан тартып жети жумуш күнүнүн ичинде камсыздандырылуучунун же анын өкүлүнүн арызы боюнча келтирилген зыяндын өлчөмүнө баа берүү менен камсыздандыруу актысын түзүп, аны менен камсыздандырылуучуну жана/же пайда көрүүчүнү тааныштырууга;
5) камсыздандыруунун окуясы болгондо ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүгө;
6) камсыздандыруунун купуялуулугун сактоого:
7) камсыздандырылуучуга (камсыздандырылганга) камсыздандыруу окуясы болгондо чыгымдарды болтурбоо же азайтуу максатында алар жумшаган чыгымдардын ордун толтурууга.
Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка милдеттери да каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202403/st-13" title="13-берене - Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>