11-берене. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 3-глава
1. Камсыздандыруу келишими белгиленген мөөнөтү бүткөнчөктү, эгерде ал күчүнө киргенден кийин камсыздандыруу окуясы болбой калса жана камсыздандыруу тобокелдиги камсыздандыруу окуясы эмес башкача жагдайлар боюнча токтоп калган учурда токтотулат.
Мындай жагдайларга жарандык жоопкерчилик тобокелчилиги камсыздандырылган жаранды аракетке жарамсыз же жарамдуулугу чектелген деп табуу кирет.
2. Камсыздандыруу келишими, ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, белгиленген мөөнөттө кезектеги камсыздандыруу акысын төлөбөгөндө белгиленген мөөнөттө мөөнөтү бүтө электе токтотулат.
3. Камсыздандырылуучу (пайда табуучу), эгерде баш тартуу учуруна карата камсыздандыруу окуясы жокко чыкпаса, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча камсыздандыруу келишиминен баш тартууга укуктуу.
4. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулганда, камсыздандыруучу камсыздандыруу колдонууда болгон убакытка пропорциялуу түрдө камсыздандыруу сый акысынын бөлүгүнө укугу бар жана камсыздандыруу сый акысынын ашык алынган бөлүгүн кайтарып берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202403/st-11" title="11-берене - Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>