10-берене. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 3-глава
1. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими ушул Мыйзамга ылайык жабырлануучу деп табылган бардык адамдарга карата колдонулат.
2. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими, эгерде ташуучунун жоопкерчилиги милдеттүү камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, камсыздандыруучу камсыздандыруу сый акыны төлөп баштаган мезгилден, ал эми аны бөлүп-бөлүп төлөөдө биринчи камсыздандыруу акысын төлөгөндөн баштап күчүнө кирет жана тараптар үчүн милдеттүү болуп калат.
3. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими, ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, ал күчүнө кирген күндөн баштап он эки айлык мөөнөткө түзүлөт.
Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруунун бардык мөөнөтүндө колдонулат жана биринчи камсыздандыруу окуясы болгон учурда өзүнүн колдонулушун токтотпойт.
4. Эгерде ташуучунун жүргүнчүлөрдү ташуу укугу он эки айга жетпеген мезгилде бүтө турган болсо, анда ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими ошол мөөнөткө түзүлөт.
5. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу, эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагы менен гана чектелет.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202403/st-10" title="10-берене - Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>