3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: камсыздандырылуучу - камсыздандыруу уюму (камсыздандыруучу) менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жаран же юридикалык жак; камсыздандыруучу - коммерциялык уюм болуп саналган жана камсыздандыруунун тиешелүү түрүн жүргүзүүгө лицензиясы бар юридикалык жак (камсыздандыруучу уюм); камсыздандыруу сый акысы - келишимде шартталган акы, аны камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө төлөп берүүгө милдеттүү; камсыздандыруу тарифтери - камсыздандыруучу иштеп чыккан жана камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилүүчү камсыздандыруу акысынын өлчөмүн аныктоодо ал тарабынан колдонулуучу тарифтер; камсыздандыруу суммасы - кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу камсыздандыруу чыгымын төлөп берүүгө милдеттенген сумма; камсыздандыруу төлөмү - камсыздандыруу окуясы болгон учурда зыянды жабуу үчүн камсыздандыруучу камсыздандыруу келишими боюнча төлөп берүүчү сумма; камсыздандыруу окуясы - камсыздандыруу келишиминде же мыйзамда каралган окуя, ал болгондо камсыздандырылуучуга, камсыздандырылган жакка же болбосо пайда табуучуга камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүгө камсыздандыруучунун милдеттүүлүгү келип чыгат; камсыздандыруу тобокелчилиги - болушуна карата камсыздандыруу жүргүзүлүүчү болжолдонгон окуя; камсыздандыруу акылары - камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруучуга мезгил-мезгили менен төлөнүүчү камсыздандыруу сый акысы; камсыздандыруу резервдери - камсыздандыруучулар тарабынан өздөрүнө алган камсыздандыруу милдеттерин аткарууну камсыздоо максатында камсыздандыруу түрлөрү боюнча алынган камсыздандыруу акыларынан түзүлүүчү атайын акчалай фонддор; пайда табуучу - жабырлануучу жана (же) өлгөн учурда жабырлануучу жеке жактын мураскору же болбосо юридикалык жак кайра уюштурулган учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укугу бар анын мыйзамдуу укуктук мураскору болуп саналган жак; кайра камсыздандыруу - камсыздандыруу төлөмүн төлөп калуу тобокелчилигин башка камсыздандыруучу менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча толук бойдон же жарым-жартылай камсыздандыруу. Мында кайра камсыздандыруу келишимин түзгөн, камсыздандыруу келишими (негизги келишим) боюнча камсыздандыруучу жак кайра камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылуучу жак болуп саналат; кош камсыздандыруу - бир эле мүлктү эки же бир нече камсыздандыруучуда камсыздандыруу; чогуу камсыздандыруу - бир объектини бир келишим боюнча бир нече камсыздандыруучу менен биргелешип камсыздандыруу; жоопкерчиликтин лимити - камсыздандыруучу бир камсыздандыруу окуясы боюнча төлөп берүүчү камсыздандыруу төлөмүнүн эң жогорку өлчөмү; кооптуу жүктөр - ташуу, жүктөө-түшүрүү жумуштарында жана сактаганда жарылууга, өрт чыгууга же транспорттук каражаттардын, кампалардын, жабдык-түзүлүштөрдүн, имараттардын жана курулмалардын зыянга учурашына, ошондой эле адамдардын жана жаныбарлардын өлүмүнө, жаракат алышына, ууланышына, күйүшүнө, нурга кабылуусуна же оору-илдеттерге чалдыгышына себеп болушу мүмкүн болгон заттар жана нерселер. Кооптуу жүктөр төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт: 1-класс - жарылгыч заттар; 2-класс - кысылган, суюлтулган жана басым астында эритилген газдар; 3-класс - жеңил күйүүчү суюктуктар; 4-класс - жеңил күйүүчү заттар жана металлдар; 5-класс - кычкылдандыруучу заттар жана органикалык кычкылдыктар; 6-класс - ууландыруучу (токсикалык) заттар; 7-класс - радиоактивдүү жана инфекциялык заттар; 8-класс - оюп-жеп кетүүчү жана коррозиялык заттар; 9-класс - башка кооптуу заттар.
А) 1-класстагыга (жарылгыч заттар) төмөнкүлөр кирет:
Жарылгыч заттар, б. а. айлана-тегеректеги нерселердин бузулушуна алып келүүчү ургаалдуулукта, температурада жана басымда, газ бөлүп чыгаруу менен химиялык реакцияга кирүүгө жарамдуу катуу же суюк заттар же заттардын аралашмалары, аларга транспорт менен ташууга жол берилбеген (өзгөчө кооптуу, б.а. өтө эле сезгич же тез эле өзү бузулуп кетүүчү жарылгыч заттар) же болбосо кооптуулугунун артыкчылыктуу түрү башка класска туура келген заттар кошулбайт; бир же бир нече жарылгыч затты камтыган нерселер, аларга транспортто ташууда кокустан күйгөндө же жарылганда өздөрү салынган кутуну бузуп сыртка чачырап, жалындап, түтөп, ысып же катуу добуш салып кетпегендей сандагы же сапаттагы жарылгыч заттарды камтыган жабдык-түзүлүштөр кошулбайт.
Б) 2-класстагыга (басым астында кысылган, эритилген жана суюлтулган газдар) төмөндөгү шарттардын эч болбогондо бирөөсүнө жооп берген заттар кирет:
Цельсия боюнча 20 градус температурада идиштеги артыкча басым 1 x 10(5) Па (1кг/кв.см) деген көрсөткүчкө барабар же андан ашык болсо; Цельсия боюнча 50 градус температурада буунун абсолюттук басымы 3x10(5) Па (кг/кв.см) көрсөткүчкө барабар же андан ашык болсо; кооптуу чукул температура Цельсия боюнча 50 градустан кем болсо.
В) 3-класстагыга (жеңил күйүүчү суюктуктар) жалындап кетүү температурасы 12.1.044-84 ГОСТ стандарты боюнча жабык идиште Цельсия боюнча 61 градустан же жабык идиште Цельсия боюнча 60 градустан ашпаган суюктуктар, суюк аралашмалар, эритиндилер жана суспензиялар кирет. (мисалы, лак-боек материалдары).
Г) 4-класстагыга жеңил күйүүчү катуу заттар жана өзүнөн өзү күйүп кетүүчү заттар жана суу менен аралашканда бөлүп чыгарган газы жеңил күйүп кетүүчү заттар кирет.
Д) 5-класстагыга кычкылдандыруучу заттар жана органикалык кычкындылар кирет.
Е) 6-класстагыга (уулуу заттар), дем алганда (буу, чаң же аэрочарлар), ички органдарга тийгенде же териге жукканда ууландырууга жарамдуу, токсикалык көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй критерийлердин эч болбогондо бирине жооп берген заттар кирет:
өлүмгө алып келүүчү орточо дозасы (ЛД50): катуу заттар ички органдарга киргенде - 20 мг/кг дан ашпаса; суюк заттар ички органдарга киргенде - 500 мг/кг дан ашпаса; териге жукканда - 1000 мг/кг дан ашпаса; өлүмгө алып келүүчү орточо чогундусу (ЛК50): чаңдардан жана аэрочарлардан дем алганда -10 мг/кг дан ашпаса; токсикалуулук температура босогосу (ТТБ) - Цельсия боюнча 55 градустан ашпаса; ыктымалдуу ингаляциялык уулануу коэффициенти (ЫИУК) - 0,2 ден кем эмес болсо.
Ж) 7-класстагыга салыштырма активдүүлүгү 7,4/10(3) Бк. кг-1 (0,002 мкКИ. г-1) көрсөткүчүнөн ашкан радиоактивдүү заттар жана адамдар же жаныбарлар үчүн кооптуу болгон, илдет-дарт жаратуучу микроорганизмдерди өзүндө камтыган инфекциялык заттар кирет.
З) 8-класстагыга кол менен кармап же өтө жакын туруп пайдаланганда же иштеткенде өзүнүн химиялык таасир этүүсү боюнча тирүү ткандарды олуттуу жабыркатышы мүмкүн болгон заттар; агып, чачырап кеткенде же сээп-чачыратканда башка жүктөрдү же ташып бараткан транспорт каражаттарын зыянга учуратышы же бузуп коюшу мүмкүн болгон заттар кирет. Ошондой эле мындай заттардын башка кошумча кооптуу сапаттары болушу мүмкүн.
И) 9-класстагыга өзүнүн касиет-сапаттары боюнча жогорудагы класстардын бирине да кирбеген, бирок аларды транспорттун айрым бир түрлөрү менен ташууда коопсуздук чараларын сактоону талап кылган заттар кирет. Аларга пиротехникалык заттар же аларды камтыган буюмдар, б.а. жардырууга алып келбөөчү экзотермикалык реакциянын натыйжасында сырткы эффекттерди (жалын, үн, газ же түтүн же болбосо алардын комбинациялары) жасоого арналган заттар кирет;
кооптуу жүктү ташуу - кооптуу жүктөрдү транспорттун автомобиль, аба, суу, темиржол жана башка түрлөрү менен же болбосо ушул транспорт түрлөрүн айкалыштырып ташуу боюнча уюштуруучулук жана технологиялык операциялардын жыйындысы, алар кооптуу жүктөрдү жөнөткөн учурдан тартып алар жиберилген пунктка келген учурга чейинки мезгилди камтыйт жана келишимдик негизде жана башка мыйзамдуу негиздерде аткарылат. ташуучу - кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу жана бул үчүн атайын транспорттук каражаттарды пайдалануучу юридикалык же жеке жак; кооптуу жүк менен инцидент - кооптуу жүктөр жарылып, күйүп, агып, чачырап кеткенде, тара, кутулар бузулганда же бул жүктөргө байланышкан башка жагдайларда адамдардын курман болуусу же алардын ден-соолугуна, материалдык байлыктарга жана (же) айлана-чөйрөгө зыян келтирилиши; залал болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) кооптуу жүк менен инциденттин натыйжасында, кооптуу жүктү ташыган транспорттук каражаттан сырткары жеке жактын өлүмгө учурашы же жаракат алышы;
б) кооптуу жүк менен инциденттин натыйжасында транспорттук каражаттан сырткары мүлккө келтирилген зыян же анын жок болушу;
в) кооптуу жүккө байланышта айлана-чөйрөнүн булганышынын натыйжасында болгон жоготуулар же зыяндар, мында аларды оңдоо, калыбына келтирүү боюнча көрүлгөн жана көрүлө турган акыл-эстүү чараларга кетүүчү чыгымдар менен чектелүү шарты сакталышы керек, бул чыгымдарга айлана-чөйрөгө келтирилген зыянга байланышкан пайда кошулбайт;
г) алдын алуучу чараларга кеткен чыгымдар жана алдын алуучу чаралардан улам келип чыккан залалдар же зыяндар;
алдын алуучу чаралар - инцидент болгондон кийин залалды болтурбоо же азайтуу үчүн ар кандай эле жактар тарабынан кабыл алынган ар кандай эле акыл-эстүү чаралар; жабырлануучу - Кыргыз Республикасынын аймагында жөнөтүүчүдөн алуучуга кооптуу жүктү жеткирүү процессинде кооптуу жүк менен болгон инциденттин натыйжасында өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө зыян келтирилген (жеке же юридикалык) жак. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика опасных грузов", "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика перед пассажирами")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…акыларынан түзүлүүчү атайын акчалай фонддор;
пайда табуучу - кошулду: жабырлануучу жана (же) өлгөн учурда жабырлануучу жеке жактын мураскору же болбосо юридикалык жак кайра уюштурулган учурда камсыздандыруу алынып салынды: келишими кошулду: төлөмдөрүн алууга укугу бар анын алынып салынды: пайдасына түзүлгөн кошулду: мыйзамдуу укуктук мураскору болуп саналган жак;
кайра камсыздандыруу - камсыздандыруу төлөмүн төлөп калуу … кандай эле жактар тарабынан кабыл алынган ар кандай эле акыл-эстүү алынып салынды: чаралар.
кошулду: чаралар;
жабырлануучу - Кыргыз Республикасынын аймагында жөнөтүүчүдөн алуучуга кооптуу жүктү жеткирүү процессинде кооптуу жүк менен болгон инциденттин натыйжасында өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө зыян келтирилген (жеке же юридикалык) жак.
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № алынып салынды: 24 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 24, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202402/st-3" title="3-берене - Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>