16-берене. Камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүнүн тартиби
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45
1. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү тууралуу талап камсыздандырылуучу же болбосо пайда табуучу тарабынан жазуу жүзүндө, документтерди тиркөө менен камсыздандыруучуга берилет, документтердин толук тизмеги жана жол-жоболоштуруу тартиби Милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде аныкталат, анын ичинде:
1) камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
2) камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүү тууралу арызы, арызга келтирилген зыянды жана анын өлчөмүн ырастаган документтер же кооптуу жүктөрдү ташуу учурундагы инциденттин натыйжасында келтирилген зыянды төлөп берүү жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими тиркелет;
3) зыянды болтурбоо же анын өлчөмүн азайтуу боюнча чараларды көрүүгө байланышкан чыгымдарды ырастоочу документтер (бар болсо).
2. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү камсыздандыруучу тарабынан ушул берененин 1-пунктунда каралган документтер алынган күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат.
3. Камсыздандыруучу тарабынан же соттун чечими боюнча камсыздандыруу окуясы болду деп табылганда ошол окуянын натыйжасында келтирилген зыянды төлөп берүү жөнүндөгү арыздарды канааттандыруу алардын түшүү тартибине жараша, ал эми бир нече арыз бир мезгилде түшкөн учурда төмөндөгүдөй кезекте жүзөгө ашырылат:
1) биринчи кезекте жеке жактардын өмүрүнө жана ден-соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү жөнүндөгү талаптар канаттандырылат;
2) экинчи кезекте жеке жактардын мүлкүнө келтирилген зыян төлөнүп берилет;
3) үчүнчү кезекте юридикалык жактын мүлкүнө келтирилген зыян төлөнүп берилет;
4) төртүнчү кезекте айлана-чөйрөгө келтирилген зыян төлөнүп берилет.
(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика опасных грузов", "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика перед пассажирами")"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…төлөп берүүнүн тартиби
1. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү алынып салынды: тууралу кошулду: тууралуу талап камсыздандырылуучу алынып салынды: тарабынан же кошулду: болбосо пайда табуучу алынып салынды: болуп саналган башка жак тарабынан жазуу жүзүндө, алынып салынды: төмөндөгү документтерди тиркөө менен камсыздандыруучуга алынып салынды: берилет:
кошулду: берилет, документтердин толук тизмеги жана жол-жоболоштуруу тартиби Милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде аныкталат, анын ичинде:
1) камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
2) камсыздандырылуучунун … төртүнчү кезекте айлана-чөйрөгө келтирилген зыян төлөнүп берилет.
кошулду: (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202402/st-16" title="16-берене - Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>