13-берене. Жабырлануучунун укуктары
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45
1. Жабырлануучулар төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) камсыздандырылуучу тарабынан кооптуу жүктү ташууда камсыздандыруу окуясы болгондугу тууралуу камсыздандыруучуга кабарлоого;
2) камсыздандырылуучунун ордуна камсыздандыруу төлөмү үчүн зарыл болгон документтерди чогултууну жүзөгө ашырууга жана аларды камсыздандырылуучу менен камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучуга берүүгө;
3) ден-соолукка жана (же) мүлккө келген зыяндын өлчөмүнө баа берүү үчүн көз карандысыз эксперттин кызматынан пайдаланууга;
4) келтирилген зыяндын өлчөмүнө баа берүүнүн натыйжалары жана камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүнүн эсептери менен таанышууга;
5) камсыздандыруу төлөмүн алууга;
6) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте талашууга;
7) келтирилген зыяндын суммасы алынган камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынан ашып кеткенде бул айырманы төлөп берүү жөнүндө камсыздандыруучуга талап коюуга.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жабырлануучулардын ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген укуктары башка жактарга (пайда табуучуларга).
(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика опасных грузов", "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика перед пассажирами")"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Үчүнчү жактын кошулду: Жабырлануучунун укуктары
1. алынып салынды: Үчүнчү жактар кошулду: Жабырлануучулар төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) камсыздандырылуучу тарабынан кооптуу жүктү … коюуга.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алынып салынды: үчүнчү жактардын кошулду: жабырлануучулардын ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген укуктары башка жактарга (пайда алынып салынды: табуучуларга)кошулду: табуучуларга).
(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202402/st-13" title="13-берене - Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>