Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Камсыздандырылуучунун укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45
1. Камсыздандырылуучу төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттарын, кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча өз укуктары менен милдеттерин түшүндүрүп берүүнү камсыздандыруучудан талап кылууга;
2) камсыздандыруу тобокелчилигине баа берүү үчүн көз карандысыз экспертти тартууга;
3) камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мезгилинде камсыздандыруучунун макулдугу боюнча камсыздандыруу суммасын же камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин көлөмүн көбөйтүүгө;
4) камсыздандыруу полиси жоголгон учурда анын дубликатын алууга;
5) жабырлануучунун ден-соолугуна жана (же) мүлкүнө келген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн көз карандысыз эскперттин кызматынан пайдаланууга;
6) камсыздандыруучу жана (же) көз карандысыз эксперт тарабынан жүргүзүлгөн келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун натыйжалары жана камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүнүн эсептери менен таанышууга;
7) кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга;
8) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте талашууга;
9) кооптуу жүктөрдү ташууда камсыздандыруу тобокелчилигин (камсыздандыруу окуясынын болушунун ыктымалдыгын же ал болгондо келиши мүмкүн болгон зыяндын өлчөмүн) азайтууга алып келүүчү жагдайлар өзгөргөн учурда камсыздандыруу келишиминин шарттарын өзгөртүүнү талап кылууга;
10) ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга.
2. Камсыздандырылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн тиешелүү маалыматтарды камсыздандыруучуга берүүгө;
2) камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандыруу сый акысын төлөп турууга;
3) камсыздандыруу окуясы болгондо түзүлгөн жагдайларга жараша зыянды болтурбоо жана анын өлчөмүн азайтуу боюнча, анын ичинде мүлктү сактап калуу жана жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча акыл-эстүү жана жеткиликтүү чараларды көрүүгө;
4) камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө өзүнө белгилүү болгон учурдан тартып кечиктирбестен, бирок үч жумуш күнүнүн ичинде камсыздандыруучуга билдирүүгө;
5) камсыздандыруучунун өкүлүнө камсыздандыруу окуясынын болгондугунун себептерин иликтөөнү жүргүзүү үчүн мүмкүндүк берүүгө;
6) камсыздандыруу окуясынын болушунун себептери, жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө, ошондой эле келтирилген зыяндын мүнөзү жана өлчөмү тууралуу ой жорууга мүмкүндүк берүүчү бардык болгон маалыматтарды (зарылдык болгондо - жазуу жүзүндө) жана зарыл документтерди камсыздандыруучуга берүүгө;
7) камсыздандыруу окуясы болушунун натыйжасында келтирилген зыянды төлөп берүү жөнүндө талап коюлгандыгы же доо арызы берилгендиги тууралу белгилүү болгон учурдан тартып үч жумуш күнүнүн ичинде бул жөнүндө камсыздандыруучуну ага жеткиликтүү ар кандай каражат аркылуу кабардар кылууга;
8) зыяндын келтирилишине күнөөлүү жакка карата кайра талап коюу укугунун камсыздандыруучуга өтүүсүн камсыз кылууга.
9) кооптуу жүктү ташууга чейин камсыздандыруу келишимин түзүүгө.
3. Камсыздандыруу келишиминде камсыздандырылуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка милдеттери жана укуктары каралышы мүмкүн.
4. Камсыздандырылуучунун ушул Мыйзамдын 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттери камсыздандыруу окуясы болгон учурда транспорт каражатын тикелей башкарган (айдаган) жакка жүктөлөт.
(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика опасных грузов", "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика перед пассажирами")"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…камсыздандыруу полиси жоголгон учурда анын дубликатын алууга;
5) алынып салынды: үчүнчү жактын кошулду: жабырлануучунун ден-соолугуна жана (же) мүлкүнө келген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн … кайра талап коюу укугунун камсыздандыруучуга өтүүсүн камсыз кылууга.
кошулду: 9) кооптуу жүктү ташууга чейин камсыздандыруу келишимин түзүүгө.
3. Камсыздандыруу келишиминде камсыздандырылуучунун Кыргыз … транспорт каражатын тикелей башкарган (айдаган) жакка жүктөлөт.
кошулду: (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202402/st-11" title="11-берене - Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>