22-берене. Үй-бүлөлүк милдеттерди жана чарбачылык боюнча үй жумуштарын аткаруудагы гендердик теңчилик
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июля 2026 года № 114
Мамлекет чарбачылык боюнча үй жумушун тааныйт. Чарбачылык боюнча үй жумушу үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун, эмгекке жөндөмдүүлүгүн жана руханий керектөөлөрүн калыптандырат, колдойт жана өнүктүрөт. Мамлекет улуттук шарттарга жана мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келген бардык чараларды, анын ичинде үй-бүлөлүк милдеттери бар жумушчуларга эмгек ишин баштоого же улантууга, ошондой эле бул милдеттерге байланыштуу жумушта жок болуусунан кийин аны кайра баштоого мүмкүнчүлүк берүүчү кесиптик багыт жана даярдоо жаатындагы чараларды көрөт. Чарбачылык боюнча үй жумушу үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан ыктыярдуу негизде аткарылат жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн гендердик жана басмырлоонун башка формаларынын ыкмасы катары болбойт жана ар башка жыныстагы адамдар тарабынан бирдей даражада жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Жалдоочу үй-бүлөлүк милдеттер эркек жана аял кызматкерлердин экономикалык ишке даярдануу, жетүү, катышуу же илгерилөө мүмкүнчүлүктөрүн чектеген учурда акы төлөнүүчү эмгек менен үй-бүлөлүк милдеттерди аткаруунун ортосунда тең салмактуулукка жетишүүгө багытталган чараларды көрүүгө милдеттүү. Үй-бүлөлүк милдеттер өз алдынча эмгек мамилелерин токтотуу үчүн негиз боло албайт. Эркектер менен аялдар чарбачылык боюнча үй жумушун аткаруу, ошондой эле өздөрүнүн багуусунда турган балдарына, алардын багуусуна жана жардамына анык муктаж болгон үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган башка жакын туугандарына карата үй-бүлөлүк милдеттерин аткаруу боюнча бирдей милдетти аткарат. Үй-бүлөлүк милдеттерди аткаруу эркектерди жана аялдарды экономикалык ишке даярдануу, жетүү, катышуу же илгерилетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпоого тийиш. Мамлекет үй эмгеги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү чөйрөсүндө жарандык коомду жана жеке секторду колдойт жана кызматташат. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202398/st-22" title="22-берене - Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>