21-берене. Эмгек чөйрөсүндө гендердик зомбулуктун жана сексуалдык асылуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу жана гендердик басмырлоо үчүн жоопкерчилик
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июля 2026 года № 114
Жалдоочу эмгек чөйрөсүндө ар башка жыныстагы иштеген адамдарды, алар жалдоочунун сексуалдык асылууларына бөгөт койгондугунун же гендердик басмырлоосу үчүн жалдоочунун үстүнөн даттануу бергендигинин негизинде гендердик зомбулукка жана сексуалдык асылууларга дуушар кылууга укуксуз. Эмгек чөйрөсүндө гендердик стереотиптердин негизинде гендердик зомбулук жана асылуулар, анын ичинде сексуалдык асылуулар жасалган учурларда жалдоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Жалдоочу эмгек чөйрөсүндө гендердик зомбулуктун жана асылуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле кызматкерлердин өкүлдөрү менен кызматташтыкта гендердик зомбулуктун тобокелдик факторлоруна талдоо жүргүзүүнүн негизинде эмгек чөйрөсүндө ага каршы аракеттенүүнү камсыз кылуучу тиешелүү комплекстүү чараларды иштеп чыгууга жана кабыл алууга милдеттүү. Эгерде жалдоочу өзүнүн мыйзамсыз аракеттери менен кызматкерди бошонууга мажбур кылса, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат. Гендердик басмырлоо фактысы аныкталганда кызматкерге моралдык жана материалдык залалдын орду сот тартибинде толтурулат. Сот жалдоочуну гендердик басмырлоого байланыштуу ишке алуудан баш тартылган адамды ишке алууга жана гендердик басмырлоого байланыштуу иштен бошотулган адамды кызмат ордуна кайра коюуну милдеттендирүүгө укуктуу. Эскертүү: Эмгек чөйрөсүндөгү гендердик зомбулук жана сексуалдык асылуулар төмөнкүдөй аткарылуучу жумуш менен байланышкан болушу мүмкүн:
- иштеген жери боюнча, анын ичинде жумуш орду болуп саналган коомдук жайларда жана жеке жайларда;
- кызматкер эмгек акысын алган, эс алуу үчүн тыныгууларды пайдаланган же тамактанган, же санитардык-тиричилик жайларын жана кийим алмаштыруу бөлмөлөрүн пайдаланган жерлерде;
- кызматтык иш сапарларда, сапарларда, кесиптик даярдыкта, иш-чараларды өткөрүүдө же социалдык ишти жүзөгө ашыруу убагында;
- маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучуларды кошкондо, эмгек иши менен байланышкан коммуникациялардын жүрүшүндө;
- жалдоочу тарабынан берилүүчү турак жайларда;
- ишке бара жаткан жана иштен кайтып келе жаткан убакыттарда.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202398/st-21" title="21-берене - Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>