Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 31.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 октября 2025 года № 248
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу (мындан ары - азык-түлүк коопсуздугу) - республиканын азык-түлүк көз карандысыздыгын камсыз кылган жана тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдерине ылайык калк үчүн азык-түлүктүн негизги түрлөрүнүн табигый жана экономикалык жеткиликтүүлүгүн кепилдеген Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалы;
2) азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу - тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдеринин деңгээлинде калк үчүн негизги тамак-аш азыктарынын табигый жана экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча экономикалык, уюштуруучулук жапа башка чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
3) азык-түлүк кризиси - Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же олуттуу бөлүгүндө тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемдерине ылайык калкты негизги тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу коркунучта турган жана бул коркунуч мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуу менен гана четтетилиши мүмкүн болгон кырдаал;
4) өзгөчө азык-түлүк кырдаалы - Кыргыз Республикасынын аймагынын олуттуу бөлүгүндө керектөөнүн физиологиялык ченемдерине ылайык келген көлөмдө негизги тамак-аш азыктары менен калкты камсыз кылуу коркунучта турган, азык-түлүк менен камсыздоону турукташтыруу үчүн мамлекеттик жөнгө салуу чараларын кабыл алууну талап кылган шарттар;
5) тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдери - адамдын генотибинде бекемделген физиологиялык-биохимиялык процесстерди оптималдуу ишке ашырууну камсыз кылуучу тамак-аш жана биологиялык активдүү заттардын зарыл болгон келип түшүүсүнүн орточолонгон чоңдугу;
6) тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн зарыл болгон деңгээли - калктын жашы, жынысы, эмгек шарттары, климат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла турган тамак-аш рационунун башка өзгөчөлүктөрү боюнча бөлүштүрүү түзүмүн эске алуу менен калктын жан башына негизги тамак-аш азыктарына болгон орточо керектөөсүнүн негизинде эсептелген, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн негизги тамак-аш азыктарын жана тамак-аштын чийки заттарын өндүрүү деңгээли;
7) тамак-аш азыктарынын табигый жеткиликтүүлүгү - калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жетиштүү көлөмдөгү тамак-аш азыктарынын керектөөчү жерлерге үзгүлтүксүз келип түшүүсү;
8) тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгү - калктын, анын ичинде анын социалдык жактан аялуу катмарынын тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдерине ылайык колдонуудагы керектөө түзүмүндө, баа тутумунда, кирешелердин деңгээлинде, социалдык жөлөк пулдар болгондо сатып алуу мүмкүнчүлүгү;
9) өзгөчө режим - Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңештин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) чечими менен белгиленүүчү өзгөчө азык-түлүк кырдаалы пайда болгон учурда аракеттенүү мезгилинин белгилүү бир убактысы;
10) калктын туура тамактануусу - калктын маданий салттарына ылайык келген, ден соолукту чыңдоого жана оорулардын алдын алууга өбөлгө түзүүчү, сапаты жана саны боюнча шайкеш келген коопсуз тамак-аш;
11) мамлекеттик азык-түлүк резерви - азык-түлүк товарларынын азайтылбас жана ыкчам запасынан турган, өзгөчө азык-түлүк кырдаалынын шарттарында базардагы таңсыктын алдын алуу жана аларды пайдалануу үчүн арналган мамлекеттик материалдык резервдин бөлүгү;
12) азык-түлүк көз карандысыздыгы - өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу шарты, ал аткарылганда чет өлкөдөн тамак-аш азыктарын берүү токтотулган учурда өзгөчө азык-түлүк кырдаалы пайда болбойт;
13) импортту алмаштыруу - чет өлкөдө өндүрүлгөн тамак-аш азыктарын алмаштыруу жана ички рынокто ата мекендик өндүрүштүн өсүшүнө дем берүү боюнча мамлекеттик саясат.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11 , 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 545 ""Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 13.10.2016 · № 545 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202397/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>