Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 13-октябры № 545 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин тоо" гезити, 2008-жылдын 8-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
- онунчу абзац "Азык-түлүк коопсуздугу" деген сөздөрдөн кийин "жана тамактануу" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"калктын туура тамактануусу - калктын ар кандай тобунун туура тамактанууга болгон керектөөлөрүн алардын салт-санааларын жана экономикалык абалын эске алуу менен канааттандырууну камсыздоочу шарттарды түзүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси.";
2) 3-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун максаты - тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдык ченемдерине ылайык, алардын бар экендигине, жеткиликтүүлүгүнө жана коопсуздугуна негизделген, керектүү өлчөмдөгү тамак-аш азыктарына калктын жетишүүсү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле туура тамактануусу үчүн шарттарды түзүү.";
- 3-бөлүк "Азык-түлүк коопсуздугу" деген сөздөрдөн кийин "жана тамактануу" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- азык-түлүк кризиси шарттарында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү максатында республикалык бюджеттен натыйжалуу жана жетиштүү каржылоого мүмкүндүк түзөт.";
4) 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Туура тамактанууну уюштуруу системасынын натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзүү үчүн жоопкерчилик саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.";
5) 8-берененин аталышындагы жана тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеш" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 1118-VI "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 24.11.2016 · № 1118-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 28-декабрындагы № 1214-VI "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 28.12.2016 · № 1214-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-январындагы № 1252-VI "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 18.01.2017 · № 1252-VI
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 183
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон