Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
34-статья. Өкмөттүн Жогорку Кењеш менен өзара мамилелери
Күчүн жоготкон · 18.06.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85.
1. Өкмөт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана
ушул конституциялык Мыйзамда каралган чектерде Жогорку Кењешке жооптуу
жана отчет берет.
2. Өкмөттүн Жогорку Кењеши менен өз ара аракеттери Премьер-ми-
нистр, Өкмөттүн мүчөлөрү жана Өкмөттүн Жогорку Кењештеги туруктуу өкүлү
тарабынан уюштурулат.
3. Өкмөткө мыйзам чыгаруу демилге укугу таандык.
Мыйзам чыгаруу демилге укугун Өкмөт Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарында белгиленген тартипте Жогорку Кењешке мыйзам долбоорлорун кирги-
зүү аркылуу жүзөгө ашырат.
Өкмөттүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын
көбөйүшүн караган мыйзамдардын долбоорлорун каржылоонун булагы бар эке-
ни жөнүндө корутундусу Өкмөттүн токтому менен жол-жоболоштурулат.
Өкмөт Жогорку Кењешке каралып жаткан мыйзамдарга жана мыйзам дол-
боорлоруна расмий корутунду жөнөтө алат.
4. Өкмөт Жогорку Кењешке республикалык бюджеттин долбоорун жана
республикалык бюджеттин аткарылышы тууралу отчетун берет.
5. Премьер-министр жыл сайын Өкмөттүн ишинин натыйжалары жөнүндө
Жогорку Кењешке отчет берет.
6. Жогорку Кењештин депутаттарынын суроо-талаптары багышталган
Өкмөт мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери мый-
замдарда белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү. Эгерде жооп берүү
үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынса, анда бул тууралу суроо-талап жибер-
ген депутат кабарландырылат.
7. Премьер-министр, Өкмөт мүчөлөрү, аткаруу бийлик органдарынын
жетекчилери жана анын кызмат адамдары Жогорку Кењештин жыйналыштарына
катышууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда
Өкмөттүн кызыкчылыктарын жактоого; маалымат менен чыгып сүйлөөгө жана
алардын компетенцияларына кирген маселелер боюнча өз пикирлерин бил-
дирүүгө укуктуу.
8. Жогорку Кењештин комитеттеринин жыйналыштарында Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарын жана Жогорку Кењештин чечимдерин аткаруу маселе-
лери боюнча аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери угулушу мүмкүн.
9. Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруучу Жогорку Кењештин Төра-
гасы Өкмөттүн ыйгарым укугун токтотууга укугу жок".
12. 35-статьянын 2-бөлүгүндө:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бекитилген республикалык бюджетке Кыргыз Республикасынын сотто-
рунун бюджетинин толук ылайык аткарылышын камсыз кылат.";
төртүнчү абзац алып салынсын.
13. 36 жана 37-статьялар алып салынсын.
14. 43-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана партиялык
институттардын биригишине, ошондой эле алардын ишмердиктеринин партия-
лык программаларга жана чечимдерге баш ийдирилишине;
- мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдардын
түзүлүшүнө жана ишмердигине; мындай жумуштар кызматтык иштерден сыртка-
ры жүргүзүлгөн учурларды кошпогондо мамлекеттик кызматкерлер тарабынан
партиялык жумуштарды жүзөгө ашырууга;
- диний уюмдардын жана диний табынуу кызматкерлеринин мамлекеттик
органдардын иштерине кийлигишүүсүнө".
Берененин тексти 18.06.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202387/st-34" title="34-статья - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>