Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
25-статья. Өкмөттүн актылары
Күчүн жоготкон · 18.06.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85.
Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө чыгарылат.
Ченемдик мүнөздөгү эмес, оперативдүү жана башка учурдагы маселелер
боюнча чечимдер тескеме түрүндө чыгарылат.
Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору министрликтер,
мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялар, аткаруу бийлигинин башка органдары, ошондой
эле Өкмөттүн Аппараты, болбосо Өкмөттүн тапшыруусу же сунушу боюнча му-
ниципалдык, жеке, коомдук башка органдар, мекемелер жана уюмдар тарабы-
нан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги, ал
эми мамлекеттин кирешелерин кыскартууну же чыгымдарын көбөйтүүнү кара-
ган маселелер боюнча - Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен
милдеттүү түрдө макулдашылуусу керек.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ве-
домстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялардын жана Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү башкар-
малыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери Өкмөт чыгарган жана макул-
дашкан чечимдер үчүн кертбаштары менен жоопкерчилик тартышат.
Өкмөттүн токтомдоруна жана тескемелерине Премьер-министр, ал эми
Премьер-министр жок болгон убакта - биринчи вице-премьер-министр же аны
алмаштыруучу вице-премьер-министр кол коет.
Өкмөттүн токтомдору жана тескемелери, эгерде ушул актыларда же
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, алар кабыл
алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Өкмөт укуктук мүнөзгө ээ болбогон кайрылууларды, билдирүүлөрдү жа-
на башка актыларды кабыл алууга укуктуу.
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ве-
домстволор өзалдынча чечүүгө тийиш болгон маселелер боюнча Өкмөттүн
токтомдору жана тескемелери кабыл алынбайт.".
9. 26-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Министрлик-
тердин жана мамлекеттик комитеттердин актылары";
1-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик
комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик ад-
министрациялар жана аткаруу бийлигинин башка органдары," деген сөздөр
"жана мамлекеттик комитеттер" деген сөздөр менен алмашылсын;
3-бөлүктө ", администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамле-
кеттик администрациянын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген
башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери," деген сөздөр алып са-
лынсын;
4-бөлүктө ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик
комитеттер, аткаруу бийлигинин жана мамлекеттик башкаруунун башка ор-
гандары" деген сөздөр "жана мамлекеттик комитеттер" деген сөздөр менен
алмашылсын.
10. 27-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өкмөттүн, ми-
нистрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин актыларын жарыялоо";
2-бөлүктө ", мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомс-
тволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана аткаруу
бийлигинин башка органдарынын" деген сөздөр "жана мамлекеттик комитет-
тердин" деген сөздөр менен алмашылсын.
11. 33 жана 34-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33-статья. Өкмөттүн Президент менен өзара мамилелери
Президент Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул консти-
туциялык Мыйзамга ылайык Өкмөттүн жана мамлекеттик бийликтин башка ор-
гандарынын макулдашып иштешүүлөрүн жана өзара аракеттенүүлөрүн камсыз
кылат.
Президент Өкмөттүн жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө, мамлекеттин ич-
ки жана тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашырууга багытталган
максаттарды жана милдеттерди аныктоого укуктуу.
Өкмөт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган
чектерде Президенттин алдында жоопкер.
Өкмөт белгиленген тартипте өз ишинин натыйжалары жөнүндө Прези-
денттин алдында отчет берет.
Президент Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасы-
нын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кара-
ма-каршы келген учурда алардын колдонулушун токтото турууга же жокко
чыгарууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган учурларда
Өкмөттүн айрым мүчөсүнүн, Өкмөттүн, Премьер-министрдин отставкасы туу-
ралу маселени чечүүгө, ошондой эле Өкмөткө, Премьер-министрге же
Өкмөттүн айрым мүчөсүнө тапшырмаларды берүүгө укуктуу. Президенттен
тапшырма алган Өкмөт мүчөсү бул тууралу Премьер-министрди кабардар кы-
лууга милдеттүү.
Берененин тексти 18.06.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202387/st-25" title="25-статья - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>