Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 28 апреля 2017 года № 70 "О государственном социальном заказе"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-04-28.
КР 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары 2008-жылдын 21-июлу № 162
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө
2008-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
Ушул Мыйзам социалдык программаларды жүзөгө ашыруу максатында мам- лекеттик социалдык заказдарды түзүүнүн, жайгаштыруунун жана жалпы прин- циптерин, укуктук жана уюштуруучулук негиздерин жөнгө салат. Ушул Мыйзам социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жого- рулатууга жана калкка көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатын жак- шыртууга багытталган.
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: социалдык программа (долбоор) - билим берүү, илим, маалымат, сала- маттыкты сактоо, спорт, курчап турган чөйрөнү коргоо; жаштар, демогра- фиялык, гендердик саясат; социалдык коргоо; укук коргоо иш-аракети; ма- даният жана башка социалдык маанилүү чөйрөлөр жагындагы максаттарга же- тишүүгө багытталган уюштуруучулук, экономикалык жана техникалык иш ча- ралардын жыйындысы; мамлекеттик социалдык заказ - мамлекеттик бюджеттик каражаттардын эсебинен социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүгө жана кызмат көрсөтүүгө багытталган социалдык программаларды (долбоорлорду) жана ай- рым бир иш чараларды жүзөгө ашыруу формасы; мамлекеттик заказчы (мындан ары - заказчы) - социалдык заказды ат- карууга келишим түзүүчү жана социалдык программаларды аткаруу үчүн жо- оптуу болуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар - социалдык өнүгүү ма- селелери компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволору жана алардын аймактык түзүмдөрү; мамлекеттик социалдык заказды аткарууга конкурс (мындан ары - кон- курс) - социалдык программаны ишке ашыруунун эњ натыйжалуу ыкмалары су- нуш кылынган социалдык долбоорду сунуштаган аткаруучуну аныктоо жолу менен мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруунун формасы; мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу (мындан ары - аткаруучу) - мамлекеттик социалдык заказды аткарууга заказчы менен келишим түзгөн, каттоодон өткөн коммерциялык эмес уюм (саясий партияларды, кесиптик бирликтерди жана диний уюмдарды кошпогондо); мамлекеттик социалдык заказды аткарууга келишим - социалдык чөйрөдө мамлекеттик муктаждыктарды ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республи- касынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте камсыз кылуу максатында заказчы менен аткаруучунун ортосунда түзүлгөн келишим.
2-берене. Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам- дары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат. Эгерде белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка эреже белгиленсе, эл аралык келишимдин эре- жеси колдонулат.
3-берене. Мамлекеттик социалдык заказдын максаттары
Мамлекеттик социалдык заказдын максаттары болуп төмөнкүлөр эсепте- лет:
- мамлекеттик органдардын иш-аракетинде камтылбаган же толук эмес
камтылган социалдык маанилүү проблемаларды чечүү;
- мамлекеттик эмес булактардан социалдык чөйрөгө кошумча түрдө
адамдык, материалдык, финансылык ресурстарды тартуу;
- бөлүнгөн каражаттардын максаттуу чыгымдалышы үчүн аткаруучулар-
дын жоопкерчилигин жогорулатуу;
- социалдык жактан коргоо чараларынын даректүүлүгүн жогорулатуу;
- калкка социалдык кызматтарды натыйжалуу жана үзгүлтүксүз
көрсөтүү үчүн укуктук механизмди түзүү;
- социалдык заказды аткаруучулардын ортосундагы атаандаштыкты
көбөйтүү жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу;
- мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу;
- социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча рынок түзүү.
4-берене. Мамлекеттик социалдык заказ процессин уюштуруунун принциптери
Мамлекеттик социалдык заказ процесстерин уюштуруу төмөнкүдөй прин- циптерге негизделет:
1) мамлекеттик социалдык заказ процессинин мыйзамдуулугуна, ади-
леттүүлүгүнө жана ачыктыгына;
2) мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө маалыматтын баарыга бирдей
жана эркин жеткиликтүүлүгүнө;
3) социалдык программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогору-
латууга;
4) социалдык милдеттерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын жарандары-
нын катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө;
5) социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө;
6) адамдын жекече жактарын эске алууга, социалдык кызмат
көрсөтүүлөрдү алуучулардын өзгөчө муктаждыктарын эсепке алууга;
7) социалдык муктаждыктарга ылайык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү
эркин тандап алууга;
8) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда
жана социалдык кызматтарды көрсөтүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө жана дискриминациялоого жол бербөөгө;
9) социалдык кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарды социалдык кызмат
көрсөтүүлөрдү алуучуларга жакындатууга;
10) социалдык кызматтарды көрсөтүүдө атаандаштыкка дем берүүгө.
5-берене. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу чөйрөлөрү
Мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашыруу төмөнкүдөй багыттар боюнча жүргүзүлөт:
1) билим берүү, илим, маалымат, дене тарбия жана спорт жагында
максаттарга жетишүү;
2) жарандардын саламаттыгын сактоо, сергек жашоо ыњгайын насыят-
тоо;
3) курчап турган чөйрөнү сактоо;
4) жаштар саясатын жана балдардын демилгелерин колдоо;
5) демография проблемаларын чечүү;
6) гендер проблемаларын чечүү;
7) калктын социалдык жактан аялуу катмарларына колдоо көрсөтүү;
8) жетим балдарга, толук эмес жана көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү бал-
дарга жардам берүү;
9) жарандардын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү;
10) жарандардын жана уюмдардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыкта-
рын коргоо;
11) маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүү;
12) тарыхый-маданий мурасты сактоо;
13) коомдук ынтымакты чыњдоо;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка соци-
алдык маанилүү багыттар.
6-берене. Мамлекеттик социалдык заказды иш жүзүнө ашыруу
Мамлекеттик социалдык заказ социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүгө багытталган мамлекеттик социалдык программалардын (долбоорлор- дун) жана айрым бир иш-чаралардын коммерциялык эмес уюмдар тарабынан аткарылышы аркылуу иш жүзүнө ашырылат. Конкурска катышуу үчүн ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган ба- гыттар боюнча иш-аракет жүргүзүүчү коммерциялык эмес уюмдарга уруксат берилет.
7-берене. Мамлекеттик социалдык заказды түзүү
Мамлекеттик социалдык заказды түзүү социалдык программалардын иш-чараларынын негизинде мамлекеттик заказчы тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик заказчы:
- конкурс өткөрүү аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик социалдык
заказдын сыпаттамасын түзүүнү жүзөгө ашырат;
- социалдык заказды аткарууга социалдык заказды аткаруучу менен
келишим түзөт;
- социалдык заказды аткаруучу тарабынан долбоорду жүзөгө ашыруу
боюнча иштерди каржылоону жүзөгө ашырат;
- социалдык заказды жүзөгө ашыруунун жүрүшүн контролдойт жана анын
сапаттуулугуна баа берүүнү жүргүзөт.
8-берене. Мамлекеттик социалдык заказ чегинде жүзөгө ашырылуучу программаларды (долбоорлорду) каржылоо
Мамлекеттик социалдык заказ чегинде жүзөгө ашырылуучу программа- ларды (долбоорлорду) каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин эсебинен гранттарды берүү түрүндө жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде мамлекеттик соци- алдык заказ боюнча программаларды (долбоорлорду) каржылоого каражат жыл сайын каралат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик социалдык заказ боюнча программаларды (долбоорлорду) каржылоого жергиликтүү бюд- жетте жыл сайын каражат кароо укугуна ээ болот. Мамлекеттик социалдык заказдын чегинде программаларды (долбоорлор- ду) жүзөгө ашыруу үчүн каралган финансылык каражаттар ушул Мыйзамда жа- на Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгилен- ген максаттарда жана тартипте, мамлекеттик социалдык заказды аткаруу келишимдерине ылайык пайдаланылат.
9-берене. Мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу
Мамлекеттик социалдык заказдарды жайгаштыруу ачык жана жарыя кон- курстар формасында жүргүзүлөт. Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурстарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн өзүнчө конкурстук комиссиялар түзүлөт, алардын курам- дары тийиштүү социалдык программаларды ишке ашыруу үчүн жооптуу мамле- кеттик заказчы тарабынан бекитилет. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы- нан бекитилүүчү жобо менен аныкталат. Конкурсту өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү мамлекеттик жана расмий тилдерде массалык маалымат каражаттарында жарыяланат, алардын нускалары мындай иш-аракет жүргүзүшү мүмкүн болгон бардык талапкерлерге карата жетиштүү маалымат алууга мүмкүндүк бериши керек.
10-берене. Конкурстук комиссияларды түзүү
Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун уюштуруу жана өткөрүү үчүн жыл сайын конкурстук комиссиялар түзүлөт. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар республикалык програм- малар (долбоорлор) боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эки же андан көп облустарынын аймагында ишке ашыруу болжолдонгон регионалдык программалар (долбоорлор) боюнча конкурстук комиссияларды түзөт. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү республикалык бюджеттен каржылануучу программалар (долбоорлор) боюнча, эгерде мындай программалар (долбоорлор) алардын жоопкерчилигиндеги ай- мактарда гана жүзөгө ашырылса, аймактык конкурстук комиссияларды түзөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн жоопкерчили- гиндеги аймактарда жүзөгө ашыруу болжолдонгон жана жергиликтүү бюджет- тен каржылануучу программалар (долбоорлор) боюнча конкурстук комиссия- ларды түзөт. Конкурстук комиссиялар заказчынын өкүлдөрүнөн жана көз каранды эмес тышкы эксперттерден турууга тийиш. Конкурстук комиссиялардын сан- дык курамын заказчы аныктайт. Ошол эле учурда көз каранды эмес тышкы эксперттер комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде 50 пайызын түзүүгө тийиш. Көз каранды эмес тышкы эксперттикке талапкерлерди өкмөттүк эмес уюмдар сунуштайт. Өкмөттүк эмес уюмдар конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып конкурстук комиссиялардын курамы (көз каранды эмес тышкы эсксперттикке талапкерлер) боюнча өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жөнөтүү укугуна ээ болот. Заказчы өкмөттүк эмес уюмдардын көз каранды эмес тышкы эксперттикке талапкерлер боюнча сунуштарын каттайт жана анын эсебин жүргүзөт. Эгерде көз каранды эмес тышкы эксперттердин сунушталган саны ко- миссиянын курамын түзүү үчүн зарыл сандан ашып кетсе, заказчы конкурс- тук комиссияларга талапкерлерди сунуш кылган өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн ачык чүчүкулак кармоо жолу менен көз каранды эмес тышкы эксперттерди тандап алууну жүргүзөт.
11-берене. Конкурстун катышуучуларына карата талаптар
Ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө өз иш-аракетин жүзөгө ашырган жана конкурстук программада (долбоордо) жарыяланган чөйрөдө кеминде бир жылдан кем эмес тажрыйбасы бар коммерциялык эмес уюмдар конкурска катыша алышат. Конкурска катышуучунун банктык эсеби болууга тийиш. Бир нече коммерциялык эмес уюмдар (менчигинин түрүнө карабастан) келишимдик негизде жалпы долбоордук топту түзүп, конкурска катышууга жалпы арызын бере алышат. Мындай учурда арызда жана долбоордук сунушта ушул коммерциялык эмес уюмдардын ортосунда жоопкерчиликтин бөлүнүшү жа- на долбоорду ишке ашырууда алардын ар биринин салымы аныкталууга тийиш.
12-берене. Конкурстун жењүүчүлөрүн аныктоодо кызыкчылыктардын кагылышын айкындоо жана четтетүү
Конкурстун жењүүчүлөрүн тандап алуу механизминде мамлекеттик соци- алдык заказ боюнча бюджеттик каражаттарды өзү каалагандай негизде, анын ичинде саясий же жекече жүйөлөр боюнча ыйгаруудан качуу максатында та- лапкерлерге адилеттүү баа берүү караштырылууга тийиш. Конкурстук комиссиянын мүчөсү, эгер анын кайсы бир катышуучуга ка- рата тикелей же кыйыр түрдө кызыкчылыгы бар болсо (кызыкчылыктардын ка- гылышынын орун алышы), бул тууралу конкурстук комиссиянын жыйынында ко- миссиянын калган мүчөлөрүнө ачык айтууга жана ушул катышуучунун долбо- ордук сунуштарына добуш бербей тургандыгы жана бул катышуучунун долбо- ордук сунушун талкуулоого катышпай тургандыгы жөнүндө жарыялоого тийиш. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарынын кагылышы ме- нен кабыл алынган конкурстук комиссиянын чечими сот тартибинде жокко чыгарылышы мүмкүн. Конкурстун катышуучулары же болбосо башка кызыкчылы- гы бар жактар конкурстук комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен тийиштүү арызы менен сотко кайрылуу уку- гуна ээ болот. Конкурстук комиссиянын кызыкчылыктардын кагылышы менен кабыл алынган чечими сот тартибинде жокко чыгарылган учурда социалдык заказ келишими (эгерде ал түзүлсө) жараксыз деп табылып, конкурстук ко- миссия конкурстун жењүүчүсүн жањыдан тандап алууну жүргүзөт. Мында кон- курстук комиссиянын кызыкчылыктардын кагылышы бар экенин жашырып-жапкан мүчөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тарты- лат, ал эми жењип чыккандыгы сот тартибинде жокко чыгарылган катышуучу конкурска кайра катыштырылбайт.
13-берене. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу
Конкурстардын жењүүчүлөрү социалдык заказды аткаруучулардын стату- сун алышат жана мамлекеттик заказчы менен мамлекеттик социалдык заказды аткарууга келишим түзүшөт. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучунун укуктары жана милдетте- ри ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды эсепке алуу менен мамлекеттик социалдык заказды аткаруу келишиминде аныкталат.
14-берене. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруу келишими
Тараптардын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди кепилдөө үчүн соци- алдык заказдын келишиминин шарттары эки тарап тарабынан талкууланууга тийиш жана аткаруучуга анын макулдугусуз тањуулануусу мүмкүн эмес. Ке- лишимдин адилеттүү шарттары тараптардын ортосундагы мамилелердин конс- труктивдүү жана өз ара пайдалуу болушун камсыздоо үчүн негизги фактор болуп саналат. Келишимде социалдык заказды ишке ашыруу үчүн аткаруучуга заказчы берген гранттын жалпы суммасы, ошондой эле, иш-чараларды аткаруунун графиги камтылган толук бюджет белгиленүүгө тийиш. Келишим бир жагынан алганда заказчынын укуктары менен милдеттерин, экинчи жагынан алганда, ошондой эле, аткаруучунун укуктары менен мил- деттерин белгилөөгө тийиш. Келишимде бюджеттик каражаттарды чегерүүнүн шарттары каралууга ти- йиш. Тараптардын ыктыяры жана долбоордун өзгөчөлүктөрү боюнча бюджеттик каражаттар заказчы тарабынан аткаруучуга бир жолу төлөө менен же болбо- со этаптар түрүндө бир нече жолу төлөө менен чегерилиши мүмкүн. Мында экинчи жана андан кийинки чегерүүлөрдүн шарттары аткаруучу тарабынан келишимди аткаруунун ар бир мурдагы этаптагы сапатына жана көлөмүнө байланыштырылышы ыктымал. Аткаруучу аткарган иштин айкындуулугун камсыз кылуу үчүн келишимде аткаруучунун заказчыга өз иш-аракети жөнүндө отчетун жана финансылык отчетун берүүсүнүн милдеттүүлүгү каралууга тийиш. Мында программанын (долбоордун) узактыгына жараша мындай түрдөгү отчетторду берүүнүн мөөнөттөрү жана этаптары каралышы мүмкүн. Келишимде заказчынын берилген бюджеттик каражаттар боюнча аткаруу- чунун ишин финансылык жактан текшерүүнү кайсы мезгилде болбосун уюшту- руу жана социалдык заказ келишимин аткаруу боюнча аткаруучунун иш-ара- кетин иликтөөнү (мониторингди) жүзөгө ашыруу укугу караштырылуусу ке- рек. Келишимде социалдык заказ келишиминин шарттарын бузуунун кесепет- тери көрсөтүлүүгө тийиш.
15-берене. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Аткаруучулар тарабынан мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашыру- уда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенциялардын че- гинде аларга мамлекеттик социалдык заказ боюнча программаларды (долбо- орлорду) аткаруу боюнча маалыматтык, консультациялык, методикалык, уюш- туруучулук-техникалык колдоо көрсөтүшөт. Маалыматтык жана консультациялык колдоо көрсөтүү Кыргыз Республи- касынын ченемдик укуктук актыларын түшүндүрүү, мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашыруу, мамлекеттик, тармактык жана регионалдык програм- маларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, мамлекеттик социалдык заказ программаларын (долбоорлорун) аткаруу үчүн зарыл болгон статистикалык маалыматтар жана башка маалыматтар менен камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын иш-аракети жөнүндө маалыматтарды берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Методикалык жана уюштуруучулук-техникалык колдоо көрсөтүү маалы- маттык-тактоочу жана методикалык материалдарды иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, мамлекеттик социалдык заказ программасына ылайык семинарлар- ды, конференцияларды, тренингдерди жана башка иш-чараларды өткөрүүдө уюштуруучулук жактан жардам көрсөтүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
16-берене. Мамлекеттик социалдык заказдын аткарылышын контролдоо
Мамлекеттик социалдык заказдын аткарылышын контролдоо заказчы, ошондой эле башка ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенцияла- рынын чегинде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик органдар аткаруучунун бюджеттик каражаттарды келишимге ылайык пайдалануусун камсыз кылууга тийиш. Аткаруучунун бюджеттик кара- жаттарды пайдалануусун жана долбоордук иш-аракетин мамлекеттик органдар тарабынан контролдоо аткаруучунун өзүнчөлүгүн сактоо менен жүзөгө ашы- рылууга тийиш.
17-берене. Талаш-тартыштарды кароо
Мамлекеттик социалдык заказды аткаруу келишимин түзүүдө, аткаруу- да, өзгөртүүдө же бузууда аткаруучу менен заказчынын ортосундагы та- лаш-тартыштар, ошондой эле мүлктүк же башка зыяндардын ордун толтуруу жөнүндөгү талаш-тартыштар мыйзамдарда белгиленген тартипте сот тарабы- нан каралат.
18-берене. Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам- дарын бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчи- ликке алып келет. Аткаруучу бюджеттик каражаттарды мамлекеттик социалдык заказды ат- каруу келишимине ылайык максаттуу пайдалануу маселеси боюнча жоопкерчи- лик тартат. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруу үчүн алынган бюджеттик кара- жаттарды максаттуу эмес пайдалангандыгы үчүн аткаруучу Кыргыз Республи- касынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
19-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн ти- йиштүү ченемдик укуктук актыларды үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 24 · байланышкандар: 6
Цитата келтиргендер (24)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 872 "Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.12.2012 · № 872
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 6-б "2012-2016-жылдарда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын…Распоряжение · 28.01.2019 · № 6-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-апрелиндеги № 131-б (012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын 2012-жылда ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө…Распоряжение · 12.04.2013 · № 131-р
- Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөЗакон · 28.04.2017 · № 70
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы N 443 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча УЛУТТУК…Стратегия · 27.06.2012 · № 443
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 16-мартындагы № 1428-VI "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 16.03.2017 · № 1428-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-январындагы № 1281-VI "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу"…Постановление · 25.01.2017 · № 1281-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-декабрындагы № 1198-VI "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу"…Постановление · 21.12.2016 · № 1198-VI
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 369-б " 2012-2016-жылдарда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын…Распоряжение · 19.10.2018 · № 369-б
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 14
- Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын КОНЦЕПЦИЯСЫКонцепция · 14.08.2009 · № 530
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-мартындагы № 1738-V «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.03.2012 · № 1738-V
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №140 "Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бириктирилген үчүнчү…Постановление · 29.07.2010 · № 140
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 3-марты № 219-V "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 03.03.2011 · № 219-V
- Постановление Правительства КР от 15 января 2009 года №23 "Стратегия развития страны (2009-2011 годы)"Стратегия · 17.01.2009 · № 23
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы №755 "2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" токтомуПостановление · 13.12.2011 · № 755 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 251 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 23.04.2015 · № 251 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 октября 2012 года № 726 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2013 год и прогнозе на…Постановление · 18.10.2012 · № 726 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 369-б 2012-2016-жылдарда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын…Распоряжение · 19.10.2018 · № 369-р · Күчүн жоготкон
24 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөЗакон · 28.04.2017 · № 70
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кара-Көл шаардык кеңешинин 2014-жылдын 25-июлундагы № 49/14-6 "Кара-Көл шаарынын территориясында социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун уюштуруу жана өткөрүү үчүн…Постановление · 25.07.2014 · № 49/14-6
- КР УӨ 2010-жылдын 30-апрелиндеги №25 "Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун…Постановление · 30.04.2010 · № 25
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 85 токтому…Программа · 27.02.2015 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы №443 "2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана 2012-2014-жылдарга Кыргыз…Постановление · 27.06.2012 · № 443 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №41 "Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.01.2009 · № 41 · Күчүн жоготкон