Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бишкек шаары
2008-жылдын 2-июну № 107
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине
толуктоо киргизүү жөнүндө
2008-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөндөгүдөй
толуктоо киргизилсин:
368-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Карызкор аткаруу мөөнөтүн кечиктирген учурда кредитор мыйзамда
тике тыюу салынгандан башка учурларда жана билүү чектелген маалыматты
берүү тартибине карата мыйзамда белгиленген талаптарды эске алуу менен
карызкор жана анын мөөнөтүндө аткарылбаган милдеттенмеси жөнүндө маалы-
матты үчүнчү жактарга берүүгө укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.