27-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгектенүүсүнүн кепилдиктери
Күчүн жоготкон · 08.08.2025 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2025 года № 191.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар эмгектенишин майыптык категорияларына жана тобуна карабастан ишке ашырууга укуктуу. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жекече реабилитациялоо программасын эске алуу менен шарты бар өндүрүштө, адистештирилген уюмдарда, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгегинен пайдалануучу цехтерде жана участоктордо иштөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жеке ишкерлик менен иштөө укугу менен камсыз кылынат. Жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат жактан жөнөтүлгөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумуш берүүчү жумуш ордуна белгиленген квотанын эсебинен ишке алууга милдеттүү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумушка кабыл алганда аларга сыноо мөөнөтү белгиленбейт.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202329/st-27" title="27-берене - Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>