26-берене. Майыптыкты профилактикалоо жана алдын алуу
Күчүн жоготкон · 08.08.2025 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2025 года № 191.
Майыптыкты профилактикалоо жана алдын алуу максатында мамлекет жугушсуз ооруларга каршы күрөшүүнүн Европалык стратегиясын ишке ашыруу боюнча Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун ишаракеттеринин бекитилген планына ылайык адамдардын жашоо-шартынын сапатын жакшыртуу, дарттын кабылдап кетишинин факторлорун азайтуу боюнча сектор аралык чаралар менен камсыз кылып, бакыбат жашоонун күтүлүп жаткан көрсөткүчүн, майыптыктын себептеринин биринен болуп саналган эрте жасалуучу диагностиканы көбөйтүү, дене, акыл-эс, психика жагындагы жана башка жетишпегендиктердин пайда болушунун жана алардын организмдин функцияларын дайыма чектеп турушуна өтүп кетишинин алдын алуу боюнча чара көрүүгө тийиш. Мамлекет ден соолукту коргоо, жашоо чөйрөсүн экологиялык жактан жакшыртуу, куунак жашоону калыптандыруу, эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу, өндүрүштөгү жабыркоого жол бербөө, кесиптик дартка чалдыгууну азайтуу боюнча иш чараларды жүзөгө ашырат. Майыптыкты профилактикалоо жана алдын алуу мамлекеттик органдар тарабынан, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, жеке жана юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202329/st-26" title="26-берене - Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>