40-берене. Коомдук моралды коргоо жана жашы жете электердин жана өспүрүмдөрдүн укуктарын камсыз кылуу
Күчүндө · 22.05.2026 редакциясы · 5-глава
1. Телерадио программаларды жана берүүлөрдү түзүүдө, даярдоодо, берүүлөрдүн торчосун түзүүдө телерадио уюмдар Кыргыз Республикасынын коомдук адеп-ахлакты коргоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
2. Телерадио уюмдарына обо убактысында саат 7.00дөн 23.00гө чейин жашы жете электердин жана жеткинчектердин дене-бой, интеллектуалдык жана руханий жактан өнүгүүсүнө залакасын келтирүүчү жаңылыктан тышкаркы мүнөздөгү программаларды жана берүүлөрдү трансляциялоого, ошондой эле анонс жасоого тыюу салынат. Андай болбогон учурда мындай программалар жана берүүлөр жашы жете электер үчүн техникалык жактан чектелип көрсөтүлүшү керек.
Мындай программалар же берүүлөр атайын эскертүүлөрү болууга жана телерадио уюмдарынын программаларынын ырааттамасында белгиленип, түздөн-түз аларды трансляциялоонун алдында жана мезгил-мезгили менен атайын белгиленип турууга тийиш.
3. Телерадио берүү уюмдары өздөрүнүн программаларында жана берүүлөрүндө жашы жете электин керт башына тиешеси бар кандайдыр бир маалыматты алардын ата-энелеринин же аларды алмаштыруучу адамдардын, ошондой эле тиешелүү укук сактоо органдарынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз жарыя кылууга укуксуз.
Берененин тексти 22.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202317/st-40" title="40-берене - Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>