Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
28-берене. Аудиовизуалдык чыгармаларды эсепке алуу жана алардын көчүрмөлөрүн (жазылмаларын) сактоонун тартиби
Күчүндө · 22.05.2026 редакциясы · 3-глава
1. Ар бир телерадио уюму трансляциялаган же кайра трансляциялаган берүүлөрдүн эсеп журналын жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Берүүлөрдүн эсеп журналында төмөнкүлөр жазылат:
- берүүнүн чыгарылган күнү, башталган жана аяктаган убактысы;
- берүүнүн аталышы жана темасы;
- берүүнүн авторлорунун жана алып баруучулардын фамилиялары;
- берүүнүн тили.
3. Берүүлөрдү эсепке алуу журналы андагы акыркы жазуу киргизилген күндөн тартып бир жыл бою телерадио уюмунда сакталат.
4. Телерадио уюму трансляциялаган же кайра трансляциялаган же трансляцияланышын камсыз кылган бардык берүүлөр жазылып алынууга тийиш жана, эгерде төмөндө көрсөтүлүүчү мөөнөттө алардын мазмунуна карата даттануулар түшпөсө, таратылган күндөн тартып 30 күн бою сакталат.
5. Берүүлөрдүн мазмунуна карата даттануулар түшкөн учурда анын жазылмалары даттануу каралып, белгиленген тартипте ал боюнча чара көрүлгүчө сакталат.
6. Тарыхый, көркөм, маданий же башка баалуулукту түзгөн телерадио берүүлөрдү узак мөөнөткө сактоонун шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Берененин тексти 22.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-июлундагы № 523 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 31.07.2012 · № 523 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202317/st-28" title="28-берене - Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>