47-берене. Айылдык округдун башчысынын кызматка киришинин жана
Күчүн жоготкон · 15.07.2011 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 июля 2011 года № 101.
кызматтан бошотулушунун тартиби
1. Айылдык округдун башчысы облустун мамлекеттик администрациясы-
нын башчысы - губернатору жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча район- дун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими тарабынан альтерна- тивалык негизде сунуш кылынуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу айылдык кењештин депутаттары тарабынан төрт жылдык мөө- нөткө шайланат.
2. Айылдык округдун башчысын шайлоо Президент тарабынан дайында-
лат. Айылдык округдардын башчыларын шайлоону өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
3. Айылдык округдун башчысын шайлоого тиешелүү жергиликтүү кењеш-
тин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шайлоо болуп өттү деп эсептелет. Тийиштүү кењештин депутаттарынын жалпы саны- нын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
4. Кењештин депутаттары айылдык округдун башчысын шайлабай койгон
учурда райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими айылдык округдун кењешине кайталап ошол эле же башка талапкерлерди сунуш кылуу- га укуктуу.
5. Жергиликтүү кењештин депутаттары айылдык округдун башчысын кай-
радан шайлабай койгон учурда райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губер- натору менен макулдашуу боюнча тиешелүү жергиликтүү кењешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Президентке өтүнүч билдирет.
6. Жергиликтүү кењештин депутаты болуп саналган адам айылдык ок-
ругдун башчысы болуп шайланган учурда, ал жергиликтүү кењештин депута- тынын ыйгарым укуктарын токтотууга милдеттүү.
7. Айылдык округдун башчысынын кызмат ордуна жогорку билими, мам-
лекеттик же муниципалдык кызматта кеминде эки жылдык иш стажы бар Кыр- гыз Республикасынын эмгекке жарамдуу жараны талапкер боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган Кыргыз Республикасынын жараны айылдын ок- ругдун башчысы болуп шайлана албайт.
8. Айылдык округдун башчысы облустун мамлекеттик администрациясы-
нын башчысы - губернатору жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча райондун мам- лекеттик администрациясынын башчысы - акими тарабынан төмөндөгүлөрдүн негизинде ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- жекече арызынын негизинде;
- мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыла-
рын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык округдун жергиликтүү кење- шинин сессиясынын макулдугу менен;
- соттун айып коюлган өкүмүнүн күчүнө киришинин негизинде;
- ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;
- аны өлгөн, дайынсыз жоголгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими
мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле каза болгон учурда;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерине
кеткен учурда;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасы-
нын жарандыгын жоготкон учурда;
- эмгекке биротоло жарамсыздыгынын натыйжасында кызматтык милдет-
терин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда;
- айылдык округдун кењешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн
экиси ишеним көрсөтпөгөн учурда райондук мамлекеттик администрация баш- чысы - акими тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
9. Айылдык округдун башчысына айылдык округдун кењешинин депутат-
тары ишеним көрсөтпөгөн учурда райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими аны ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же жергиликтүү кењештин чечими менен макул болбоого укуктуу.
10. Айылдык округдун башчысына айылдык округдун кењешинин депутат-
тары кайталап ишеним көрсөтпөгөн учурда райондун мамлекеттик админист- рациясынын башчысы - акими аны ээлеген кызматынан бошотот жана айылдык округдун башчысын жањыдан шайлоону дайындоо жөнүндө Президентке өтүнүч берет.
11. Айылдык округдун башчысы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотул-
гам учурда, жањы башчы шайланганга чейин анын милдетин айылдык округдун башчысынын орунбасары аткарат.
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202310/st-47" title="47-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>