46-берене. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
Күчүн жоготкон · 15.07.2011 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 июля 2011 года № 101.
Айыл өкмөтү:
1) аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социал-
дык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды аткарат;
2) жергиликтүү бюджеттин долбоорлорун иштеп чыгат жана айылдык ок-
ругдун кењештеринде бекитилгенден кийин аларды аткарат;
3) тарых, архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча
иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
4) жањы жумушчу орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат
жана жүзөгө ашырат;
5) ишканаларды менчиктештирүүдө жана социалдык-маданий, тиричилик
жана чарбалык багыттардагы объекттерди жана алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон жабдууларды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүгө катышат;
6) турак жай фондун өнүктүрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана
жүзөгө ашырат;
7) муниципалдык менчикте турган, ошондой эле Айылчарба жерлерин
кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-ча- раларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
8) табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, алардын
кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-иштиктүү иш-чараларга көмөк көрсөтөт;
9) экономикалык, социалдык жана укуктук чөйрөлөрдүн өзара аракет-
тенүүсүнө өбөлгө түзөт;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-
тарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202310/st-46" title="46-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>