29-берене. Туруктуу комиссиялардын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 15.07.2011 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 июля 2011 года № 101.
1. Жергиликтүү кењештин туруктуу комиссиялары:
1) тиешелүү аймакты экономикалык, социалдык жана улуттук-маданий
өнүктүрүү менен байланышкан, кењештин кароосуна киргизилүүчү маселелер- ди даярдоого катышат;
2) тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструк-
тураны өнүктүрүү, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун экономикалык негиз- дерин чыњдоо маселелери боюнча сунуштарды кењешке киргизет;
3) өз аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн пландарынын жана
бюджеттин долбоорлорун, пландарды аткаруу жана бюджетти аткаруу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн сын-пикирлерин даяр- дайт, зарылчылык болгон учурда аларды кењешке сунуш кылат;
4) жергиликтүү кењеш кабыл алган чечимдердин аткарылышына жана ус-
тавдын талаптарын аткаруунун сакталышына контролдукту жүзөгө ашырат;
5) аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кењештин
регламенти тарабынан берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Жергиликтүү кењештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн карамагына
кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын орган- дарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү ай- макта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202310/st-29" title="29-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>