28-берене. Жергиликтүү кењештин туруктуу жана убактылуу
Күчүн жоготкон · 15.07.2011 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 июля 2011 года № 101.
комиссиялары
1. Жергиликтүү кењештин туруктуу комиссиялары кењештин карамагына
кирген маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн, ошондой эле кењештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, бул чечимдерди ага караш- туу аймакта жайгашкан мекемелер менен уюмдардын аткарышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кењеш ошондой эле убактылуу комиссияларды түзө алат.
2. Комиссиялардын тизмесин, алардын сандык курамын жана шайлоо
тартибин жергиликтүү кењеш аныктайт. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде кењеш, зарылчылык болгон учурда, жањы туруктуу комиссияларды тү- зүүгө, мурда түзүлгөндөрүн жоюуга же өзгөртүп түзүүгө, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө акылуу.
3. Туруктуу комиссиялар тиешелүү жергиликтүү кењештердин депутат-
тарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кењештердин туруктуу комиссиялары- нын курамына кењештин төрагасы жана анын орунбасары шайланбайт.
4. Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өз ишинин
негизги багыттары боюнча чакан комиссияларды түзө алат.
5. Кењештин туруктуу комиссиясынын жана төрагасынын сунушу боюнча
тиешелүү кењеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
6. Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары анын өтүнүчү боюнча,
ошондой эле ал өз милдеттерин аткарышына мүмкүнчүлүк бербеген кырдаал- дарга байланыштуу кењеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
7. Жергиликтүү кењештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, мил-
деттери, аларды уюштуруунун жана ишинин тартиби ушул Мыйзам, жергилик- түү кењештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам акты- лары менен аныкталат.
8. Жергиликтүү кењештердин туруктуу комиссиялары өз ишинё илимпоз-
дорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тар- тууга укуктуу.
9. Жергиликтүү кењештердин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компе-
тенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
10. Жергиликтүү кењештердин туруктуу комиссиялары аларга караштуу
аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202310/st-28" title="28-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>