Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене. Ушул Мыйзамга ылайык корголууга жаткан депозиттер
Күчүндө · 14.12.2023 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207
1. Ушул Мыйзамга ылайык кепилденген учур келгенде депозиттер боюнча үстөк пайыздарды кошкондо, ар бир аманатчыга баарысы 1 000 000 (бир миллион) сомдон көп эмес компенсация төлөнүп берилет.
2. Эгерде бул мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жана кепилдиктер боюнча талаш-тартыштар же соттук териштирүүлөр болбосо, ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык аманатчыга төлөнүп берилүүгө тийиш сумма аманатчыга берилип, мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин жана аманатчынын өтүнүчү боюнча банк же микрофинансылык компания тарабынан берилип, мөөнөтү өтүп кеткен кепилдиктердин суммасына азайтылат.
3. Депозиттерге чегерилген, бирок төлөнүп берилбеген жана капиталдаштырылбаган үстөк пайыздар, кепилденген учур келген күнгө карата эсептелинет. Мындай үстөк пайыздарды чегерүү банктык аманат келишиминде, микрофинансылык компаниянын аманаттар келишиминде, ошондой эле турак жай-сактык кредиттик компаниянын депозит келишиминде көрсөтүлгөн ставка боюнча жүзөгө ашырылат, бирок Улуттук банктын кепилдеген учур келген күнкү эсептик ставкасынан жогору болушу мүмкүн эмес.
4. Кайсы гана аманатчыга болбосун ушул Мыйзамга ылайык компенсацияланып берилүүгө тийиш сумманы аныктоодо, Агенттик убактылуу администратор/жоюучу менен бирдикте аманатчынын ошол банктагы депозиттеринин, ошондой эле аманатчынын ошол микрофинансылык компаниядагы жана ошол турак жай-сактык кредиттик компаниядагы депозиттеринин жалпы суммасын аныктайт.
Агенттик банктын жана/же финансылык-кредиттик уюмдун жоюучусу болгон учурда, ал аманатчынын болгон депозиттеринин жалпы суммасын өз алдынча аныктайт.
5. Аманатчынын депозити бар бир нече банк-катышуучуларга, микрофинансылык компания-катышуучуларга, турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучуларга карата кепилденген учур келип чыккан мезгилде, аманатчы компенсацияны ар бир банктан, микрофинансылык компаниядан, турак жай-сактык кредиттик компаниядан өзүнчө алууга укуктуу. Банктар, микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар кошулуу же биригүү формасында кайра уюштурулган учурда, алар кайра уюшулган күндөн тартып 6 айдын ичинде депозиттер кайра уюшулган ар бир банк, микрофинансылык компания, турак жай-сактык кредиттик компания боюнча өзүнчө кепилденген болуп эсептелет.
6. Четөлкөлүк валютада кабыл алынган аманаттардын суммасы аманатчыга кепилденген учур келген күнгө карата Улуттук банк белгилеген курс боюнча улуттук валютада төлөнүп берилет. Кайсы бир валюта боюнча Улуттук банктын котировкасы (эсептик курсу) болбогон учурда, ушул валюта боюнча орточо курс кепилденген учур келген күнгө карата кросс-курс аркылуу аныкталат.
7. Эгерде келишимдин негизинде депозит бир нече жеке адамдын атына салынган болсо (биргелешкен депозит), анда бул адамдардын ар бири эсепти ачуу макулдашуусунда (келишиминде) белгиленген үлүштө, ал эми келишимдик шарттар же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тиешелүү эрежелер болбогон учурда - бирдей үлүштө аманатчы болуп саналышат.
8. Банк тарабынан "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 107-беренесинин 2-бөлүгүн аткаруу процессинде банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурда, эгерде банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталганга чейин банктын акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан ыктыярдуу жоюу (өзүн-өзү жоюу) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып төлөнгөн сумма ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген суммадан ашып кетсе, компенсация төлөнбөйт. Ушул бөлүктүн колдонулушу депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларга жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга да жайылтылат.
Эгерде лицензияны кайтарып алган күндөн тартып мажбурлап жоюу жол-жобосу башталганга чейинки мезгилде аманатчыга банктын же депозиттерди тартуучу микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын каражаттарынан төлөнгөн акча каражаттарынын суммасы ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген суммадан ашып кетсе, компенсация төлөнбөйт.
9. Жоюлуп жаткан банктын же микрофинансылык компаниянын же турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманатчылардын алдындагы милдеттенмелери ушул Мыйзамга ылайык Агенттик тарабынан жүзөгө ашырылган төлөө суммасына азаят.
10. Мыйзамдуу өкүл банктык аманат келишиминде, микрофинансылык компаниянын аманат келишиминде же турак жай-сактык кредиттик компаниянын депозит келишиминде көрсөтүлгөн жашы жетпеген баланын же бенефициардын депозитин колдонуу укугуна ээ болгон учурда, компенсация мыйзамдуу өкүлгө төлөнөт.
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 139, 2015-жылдын 14-июлундагы № 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 , 2019-жылдын 8-августундагы № 114, 2023-жылдын 23-майындагы № 107, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 июля 2015 года № 162 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 апреля 2009 года № 139 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
14.12.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ылайык компенсацияланып берилүүгө тийиш сумманы аныктоодо, Агенттик алынып салынды: жоюучу кошулду: убактылуу администратор/жоюучу менен бирдикте аманатчынын ошол банктагы депозиттеринин, ошондой эле … жай-сактык кредиттик компаниядагы депозиттеринин жалпы суммасын кошулду: аныктайт.
Агенттик банктын жана/же финансылык-кредиттик уюмдун жоюучусу болгон учурда, ал аманатчынын болгон депозиттеринин жалпы суммасын өз алдынча аныктайт.
5. Аманатчынын депозити бар бир нече банк-катышуучуларга, … болбогон учурда - бирдей үлүштө аманатчы болуп саналышат.
8. алынып салынды: Ыктыярдуу жоюлуу (өзүнөзү жоюу) кошулду: Банк тарабынан "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 107-беренесинин 2-бөлүгүн аткаруу процессинде банкты мажбурлап алынып салынды: жоюуга өткөн кошулду: жоюу жол-жобосу башталган учурда, эгерде кошулду: банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталганга чейин банктын акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан ыктыярдуу жоюу алынып салынды: учурунда төлөнүп берилген кошулду: (өзүн-өзү жоюу) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып төлөнгөн сумма ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген суммадан ашып кетсе, алынып салынды: кандай гана негиз болбосун компенсациялоо жүргүзүлбөйт.
кошулду: компенсация төлөнбөйт. Ушул бөлүктүн колдонулушу депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларга жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга да жайылтылат.
Эгерде лицензияны кайтарып алган күндөн тартып мажбурлап жоюу жол-жобосу башталганга чейинки мезгилде аманатчыга банктын же депозиттерди тартуучу микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын каражаттарынан төлөнгөн акча каражаттарынын суммасы ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген суммадан ашып кетсе, компенсация төлөнбөйт.
9. Жоюлуп жаткан банктын же микрофинансылык компаниянын же турак … № 207 , 2019-жылдын 8-августундагы № 114, 2023-жылдын 23-майындагы № алынып салынды: 107 кошулду: 107, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 11.08.2022 · № 93
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202289/st-4" title="4-берене - Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>