Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
34-берене. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарын пайдалануу
Күчүндө · 14.12.2023 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207
1. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары төмөнкүдөй төлөмдөрдү жана чыгашаларды жүзөгө ашыруу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн:
1) ушул Мыйзамда каралган тартипте жана суммада аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүүгө;
2) Агенттиктин операциялык чыгашаларын жана Агенттиктин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга кеткен сарптоолорун жабууга;
3) ушул Мыйзамга ылайык Агенттик тарабынан алынган зайымдардын жана кредиттердин негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө;
4) ушул Мыйзамдын 33-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бош финансылык каражаттарды инвестициялоого.
2. Банктардын мүчөлүк акыларынын эсебинен топтолгон каражаттар микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын мүчөлүк акыларынын эсебинен түшкөн каражаттардан өзүнчө эсепке алынат.
Банктардын мүчөлүк акыларынын эсебинен топтолгон каражаттар депозиттер боюнча компенсацияларды төлөөнү жүргүзүү максатында банктардын аманатчыларына компенсацияларды төлөө үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. Микрофинансылык компаниялардын мүчөлүк акыларынын эсебинен топтолгон каражаттар депозиттер боюнча компенсацияларды төлөөнү жүзөгө ашыруу максатында микрофинансылык компаниялардын аманатчыларына компенсацияларды төлөө үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын мүчөлүк акыларынын эсебинен топтолгон каражаттар депозиттер боюнча компенсацияларды төлөөнү жүзөгө ашыруу максатында турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аманатчыларына компенсацияларды төлөө үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.
3. Ушул Мыйзамга ылайык кепилденген учур келгенде, аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү боюнча Агенттиктин финансылык милдеттенмелерин кошпогондо, Депозиттерди коргоо фондуна жана анын каражаттарына Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, банктардын, финансылык-кредиттик уюмдардын, башка үчүнчү жактардын, ошондой эле Агенттиктин милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу мүмкүн эмес. Аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү боюнча Депозиттерди коргоо фондунун жана Агенттиктин финансылык милдеттенмелери боюнча анын каражаттарынын эсебинен өндүрүп алуу сот актысынын негизинде гана жүзөгө ашырылат.
Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары ушул Мыйзамга ылайык гана пайдаланылышы мүмкүн жана милдеттенмелерди аткарууга, активдерди, талап кылуу укуктарын, банктардын, финансылык-кредиттик уюмдардын жана башка үчүнчү жактардын акцияларын жана капиталындагы катышуу үлүштөрүн сатып алууга пайдаланылышы мүмкүн эмес, ошондой эле Агенттик тарабынан банктарды жана финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу боюнча функцияларды аткарууга байланышкан сот актыларын аткарууга пайдаланылышы мүмкүн эмес. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202289/st-34" title="34-берене - Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>