33-берене. Агенттиктин эсептери жана инвестициялык саясаты
Күчүндө · 14.12.2023 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын төлөмдөрүнүн эсебинен Депозиттерди коргоо фондусун толуктоо үчүн каралган Агенттиктин эсеби Улуттук банкта ачылууга жана тейленүүгө тийиш.
Агенттиктин операциялык чыгымдары жана башка сарптоолору үчүн каралган анын банктык эсептери коммерциялык банктарда ачылат.
2. Агенттик төмөнкүдөй баалуу кагаздарды инвестициялай алат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган жана/же сөзсүз түрдө кепилдикке алынган;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган;
3) (КР 2016-жылдын 25-июлундагы N 138 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Экинчи абзац КР 2016-жылдын 25-июлундагы N 138 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланышкан, аны карап-күтүү үчүн операциялык чыгашалар жана башка сарптоолор ар бир финансылык жылга төмөнкүлөрдүн эсебинен жабылат:
1) жыл башына эсептелген Фонддун топтолгон каражаттарынан жана Фондго кайтарылууга тийиш болгон компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасынан - жылына 2 пайыздан көп эмес;
2) Фонддун бош каражаттарын жайгаштыруудан алынган кирешенин 25 пайызынан көп эмес;
3) Депозиттерди коргоо фондунун өлчөмү 15 000 000 000 (он беш миллиард) сомго жеткенден кийин жыл башына эсептелген Фонддун топтолгон каражаттарынан жана Фондго кайтарылууга тийиш болгон компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасынан - жылына 1 пайыздан көп эмес.
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 139, 2010-жылдын 3-мартындагы № 42, 2016-жылдын 25-июлундагы № 138 , 2019-жылдын 8-августундагы № 114, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2016 года № 138 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 марта 2010 года № 42 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 апреля 2009 года № 139 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202289/st-33" title="33-берене - Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>