13-берене. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш маселелерин кароо үчүн зарыл керектүү документтер жана материалдар
Күчүндө · 18.07.2024 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июля 2024 года № 129
Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш маселелерин кароо үчүн Министрлер Кабинети Жогорку Кеңешке:
- киргизилип жаткан сунуштун максатка ылайыктуулугунун тийиштүү негиздемесин жана сунуштамасын, өзгөртүлчү аймактын өлчөмү, ушул аймакта жашап жаткан калктын саны, негизги ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын тизмеги, алардын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, ар биринде иштегендердин саны, жергиликтүү өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдардын түзүмү жана штаттык саны, кайра уюштурууга байланыштуу алардагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды, аталышынын жана кайра аталышынын маселелерин, ошондой эле маселени маңыздуу чечүү үчүн керектүү бардык башка маалыматтарды жана каралып жаткан маселе боюнча тийиштүү жергиликтүү кеңештердин пикирлерин камтыган сунуштаманы;
- администрациялык-аймактык бирдиктердин жаңы чегаралары, маселени маңыздуу чечүү үчүн мааниси бар башка географиялык маалыматтар көрсөтүлгөн схемалык картаны. Картага өкмөттүн өкүлү, ошондой эле аймакты кабыл алуучу жана өткөрүүчү өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдардын жетекчилери кол коюшат, коюлган колдор мөөрлөр менен ырасталат;
- жүргүзүлүп жаткан кайра түзүүлөрдүн жана кайра атоолордун илимий калысбаасынын жана экономикалык эсептөөлөрүнүн актысын тапшырат.
(КР 2024-жылдын 18-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202276/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>