Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 18-июлу № 129
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 347-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) төртүнчү абзацта "шаар тибиндеги кыштактар," деген сөздөр алып салынсын;
б) жетинчи абзацта "кыштактарды жана/же" деген сөздөр алып салынсын;
в) сегизинчи абзацта ", ошондой эле шаар тибиндеги поселок" деген сөздөр алып салынсын;
г) тогузунчу абзацта "айылдык округ" деген сөздөр "айыл аймагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) онунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
е) расмий тилдеги он биринчи абзацта "аил (село)" деген сөздөр "айыл" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Администрациялык-аймактык бирдик Администрациялык-аймактык бирдик мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын чектеринде мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырган бир же бир нече калктуу конуштардын аймактарынан жана калк отурукташпаган башка аймактардан турат. Мейкиндик чектерин, тийиштүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын аныктоо максатында ар бир администрациялык-аймактык бирдик үчүн аталышы, чек арасы жана администрациялык борбору белгиленет. Республикалык маанидеги шаарлардын аймактары жарандардын социалдык-маданий жана тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу, укук тартибин коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо менен байланышкан чечимдердин аткарылышын оптималдуу уюштуруу максатында зарылчылыгына жараша өз алдынча администрациялык-аймактык бирдик болуп эсептелбеген райондорго бөлүнөт.";
3) 5-берененин үчүнчү бөлүгүндө ", шаар тибиндеги поселоктор" деген сөздөр алып салынсын;
4) 6-беренеде:
а) бешинчи бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) алтынчы бөлүктө ", шаар тибиндеги поселоктор" деген сөздөр алып салынсын;
в) расмий тилдеги жетинчи бөлүктө "аилов (сел)" деген сөздөр "айылов" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 10-берененин аталышында жана текстинде, 11-берененин биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацында, 12-берененин экинчи абзацында, 13-беренеде түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 15-беренеде:
а) экинчи бөлүктө "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүктө "кыштактардын же" деген сөздөр алып салынсын;
в) төртүнчү бөлүктө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктерди статистикалык эсепке алуу Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктерди статистикалык эсепке алууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктерди эсепке алган маалыматтарынын негизинде расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган жүргүзөт.";
8) 17-берененин экинчи бөлүгүндө "айылдык округдардын" деген сөздөр "айыл аймактарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-июнундагы № 55 (3609) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 20-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65
- Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги №7-1 "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу 2019-жылдын 8-июлундагы № 83, 2024-жылдын…Постановление · 25.04.2025 · № 7-1
- Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги №7-2 "Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн айыл аймагында жайгашкан Япчан участкасына макам берүү жөнүндө" токтому.Постановление · 25.04.2025 · № 7-2
- Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги №7-3 "Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн айыл аймагында жайгашкан Жар-Кыштак участкасына макам берүү жөнүндө" токтому.Постановление · 25.04.2025 · № 7-3
- Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги №7-4 "Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн айыл аймагында жайгашкан Ак-Тилек участкасына макам берүү жөнүндө" токтому.Постановление · 25.04.2025 · № 7-4
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65